Президент ыктыярчыларды, блогерлерди жолугушууга чакырды. Чынында эмгек кылып, кыйын күндө элге кызмат кылгандарды кабыл алып, рахмат айтат экен. Эми көрүп жата бергиле, соткасы бардын баары эле блогер эмес беле, “эмнеге бизди кабыл албайт” деп ачык айта албай, “эмнеге тигини кабыл алган жок”-деп наалып башташат. Блогерлерди кабыл ала турган болсо, анда стадионго эле чогултуш керек. Анда мени деле чакырыш керек, менин деле соткам бар, мен деле жаза алам. 

Ошондуктан, урматтуу блогер жана анча-мынча кызмат кылып калгандар. Ичи тардык кылбай, президент менен жолуккан азаматтарды колдоп, лайк басып, мотивация берген сөздөрдү жазып коелу. Адатыбызча чукулашып эле жатып калбагай элек деп отурам. Эртеӊ, ыктыярчылар менен президенттин жолугушуусун ким сындаса, ал точно ичи тар болот! Мен мисалы Тынчтык деген журналисти бааладым, ошол барса болду. Ассол  Молдокматова жакшы келе жатып эле, ар кайсы президентке кайрылып, анан "Чеченстан президенти берген акчанын көбүн жеп алыптыр" деп чуусу чыкты. Улуттук ар намыска шек келтирген чакырыктарды жасады. Анын келишин каалабайм.  Бул менин оюм.

Дариха Исмаилова