Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов Кыргызстан канткенде сабаттуу адамдардан куралган, жогорку деңгээлдеги парламентке жетишээри тууралуу ой жооруду. Анын пикиринде депутаттыкка талапкерлерди иргөөдө дебат жардамга келет. 

"Эгер демократиялык система курсак, реформа жасап, шайлоону телеканалдарда дебаттар аркылуу откорсок чыныгы парламентке жетише алабыз.  Шайлоолордо телеканалдардагы жана тышкы жарнамаларга, стадиондорго элди чогултуп артистерди ырдатканды тыйсак,  партиялар акчасы көптү эмес, акылы көптү издей баштайт.  Азыркы эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албаган олигархтар, эски "аморальный" саясатчылар дебаттан качышат...