Президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радио" радиостанциясына маек берип жатып, учурду Кыргызстанда эки маселе жанаша жүрүп жатканын белгиледи.
"Биринчиси — ковид. Ал абдан чоң маселе. Элибиздин, улуттун саламаттыгы. Экинчиси, бийликке болгон күрөш. Ал да өз күчүндө", - деди президент.
"Азыркы кээ бир саясий күчтөр ковиддин кесепетинен жаралган кырдаалды пайдаланып, саясий кырдаалды чайпалткысы келген, өз дивидендин алгысы келген саясатчылар жок эмес, бар. Менин президенттик милдетим — ковидге каршы күрөш, элдин саламаттыгын сактоо. Ушуга тете дагы чоң милдетим бар — бул саясий чайкоочулукка жол бербөө, коомдогу туруктуулукту сактап калуу. Менин шайлоо өтүшү керек дегеним да ошол себептен.
Шайлоо аркылуу бийликке келишсин, каалаганы. Аны эл чечет. Эл кимди шайласа, алар келип Өкмөттү курасын. Ал ошол парламенттин укугу. Көчөдөгү саясий чайкоочулук, бет тырмарлык менен эмес, аны жогоруда да айттым, мыйзамдуу жол менен келишсин. Мен түшүнүп турам, окуп, угуп жатам. Бардыгын билем. Азыр эл абдан ачуулуу.
Көптөр өз жакындарын жоготту. Бул абдан оор нерсе. Муну айрым саясатчылар элдин пайдасына эмес, өз кызыкчылыгына пайдалангысы келгендер дагы жок эмес, биз ошого жол бербешибиз керек. Мыйзамдуу жол менен бийликке келгиле, шайлоого катышкыла, эгерде шайлоодон утсаңар, келип алып Өкмөттү курагыла деп айтып жатам", - деди президент учурда бийликти кулатуу боюнча түрдүү чакырыктар жүрүп жатканы боюнча берилген суроого жооп берип жатып.
Мамлекет башчы жаштарга кайрылды: "Жаштардын соц тармакта деги эле саясатта активдүүлүгү, жарандык активдүүлүгү бул — өлкө үчүн, биз үчүн жакшы көрүнүш. Жаштар биздин келечегибиз. Ачык өлкөбүз.
Бир гана тилек, кандай гана күрөш болбосун, чыдамкайлык менен укук талаасында, өзүнүн гана эмес, башканын да укугун сыйлоо менен алып баруу керек. Бирөөнүн колунда курал болуп калбоо керек. Жаш мекендештериме менин каалоом ушундай", - деди Сооронбай Жээнбеков.