Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радио" радиостанциясына маек берди. Анда мамлекет башчы учурда кырдаал курчтугун белгилеп, аны жашырууга ниет болбогонун жана жашырууга мүмкүн да эместигин айтты. Ошондой эле президент илдеттин кесепетинен көзү өткөн бардык маркумдардын жакындарына көңүл айтты. 

"Маркумдардын жакындарына көңүл айтам, сабыр тилейм. Бул оорудан көз жумган биздин ар бир мекендешибизге бейишин тилейм. Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун", - деди Жээнбеков.

Илдет тууралуу кеп козгогон мамлекет башчы бул боюнча кабар декабрда тараганын, январдан тарта жеке көзөмөлүнө алганын билдирди. 

"Алгачкы күндөн тарта Өкмөт менен биргеликте аэропорттордо, чек арадагы өткөрмө пункттарда илдетти киргизбөө иш-чараларын көрө баштаганбыз. Кырдаалды алдын алуу максатында 27-январь күнү Коопсуздук кеңешининин ушул маселеге арналган биринчи жыйыны өтүп, ошол жерде тапшырмаларды бергенбиз. Андан кийин дагы бул маселеге Коопсуздук кеңешинде көп кайрылдык.

Мартта карантин киргизгенге мажбур болгонбуз. Анын максаты — вирустун андан ары жайылышына бөгөт коюу эле.

Эң негизгиси — калкты санитардык нормаларды сактоого көндүрүү эле. Эки ай ошондой тартипте жашадык. Бул өтө кыйын чечим болду. Экономикага катуу сокку болорун билгем. Бирок, кабыл алууга туура келген. Дагы кайталап кетем, биринчи максат — элибизди илдет жайылбаш үчүн санитардык нормаларды сактоого көндүрүү болчу. Ар кандай жолдор менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз.

Таразанын бир тарабында экономика, экинчи жагында улуттун саламаттыгы турду", - деген президент карантиндик режимди узакка улантуу мүмкүн болбогонун белгиледи. Ал "карантин алынгандан кийин тартип жетиштүү сакталбаганын, ага кошумча кээ бир саясатчылар ачык эле чыгып, парламентте да, анын сыртында да «коронавирус жок, бийлик элди митингге чыгарбаш үчүн жөн эле айтып атат, сырттан каражат алыш үчүн ушундай кылып жатат» деген ойлорду айтканы" кошул-ташыл болгонун эске салды. Президент мына ушундай окуялар илдетти жайылтпоо боюнча "жетишкен ийгиликти кармоого" кедергисин тийгизди.

"Мен кечээ жакында медиктер менен жолуктум. Профессор Оморов башка өлкөлөрдүн мисалдарын айтты, илдеттин жайылышынын негизги себеби — негизги 5 принциптин сакталбагандыгында деп.

Бул эрежелерди биз карантин учурунда 2 ай бою кармагыла, сактагыла дедик. Тартип, биримдик, ынтымак менен чыгабыз. Айрыкча биздин медиктер айткан принциптерди кармагыла деп жаттык. Бул кандай эреже? Колду жуу, маска тагын, социалдык дистанцияны карма, ооруп калсаң дарыгерге кайрыл, кеңеш ал. Эгерде оорураак болсоң больницага жат, жеңил болсо үйдө дарылан, ооруп калгандан кийин бирөө менен контактка барба. Өзүңдү сакта, андан кийин жаныңдагыны сакта деген нерсе — бул жөнөкөй нерсе да. Ушуларды сактабаган үчүн вирус тарады. Бирок дагы деле айтып, талап кылып жатабыз, бул эрежелерди сакташыбыз керек.

Бул күрөштө биздин мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү башка мамлекеттерге караганда чектелген.

Бизде резерв болгон эмес. Бюджеттик кодекс кабыл алынгандан кийин, бир статья бар, өзгөчө кырдаал мезгилине деп 1.5 миллиард сомго чейин топтолот. Мына ошону жумшап келгенбиз. Сел жүрсө, жолдорду алып кетсе, же көчкү жүрсө.

Бизнести оор мезгилде колдой турган каражат түзүлгөн эмес.

Мен айтып эле жүрөм, бизде демократия күчтүү. Ал абдан керек. Бирок, экономика жагын дагы ойлоп жүрүшүбүз керек эле. Ушундан биз кыйналып калдык.

Алгачкы күндөрдөн тартып эле Россия тарап менен сүйлөшүп келдим. Эң алгачкы жолу бул вирустан коргонууда колдоо көрсөтүү маселесин Владимир Владимирович Путин менен 28-февралда Москвага барганда сүйлөшкөнбүз.

Андан бери медициналык каражат жагынан бир топ жардам келди. Азыр дагы күтүп жатабыз. Адистик жагынан да жардам берет. Медиктердин алгачкы тобу келип, биздеги кырдаалды мониторинг кылып кеткен.

Ошол мониторингдин натыйжасында жоон топ врачтар келе жатат. Биздин дарыгерлер үчүн тажрыйба алмашуу жагынан бул чоң жардам болот.

Андан кийин Владимир Владимирович менен дагы 2 ирет сүйлөштүк, дагы жардам келет. Андан тышкары боордош мамлекеттерибиз, коңшу Кытай, Түркия, Катар, Кувейт, биз менен өнөктөш мамилеси бар мамлекеттерден дагы жардамдар келип жатат.

Мен өнөктөш эл аралык уюмдардын дээрлик баары менен, буга чейин башталган таза суу, ирригация сыяктуу долбоорлорго каржылоону токтотпоо жана пандемия шартында жардам берүү тууралуу жеке өзүм сүйлөшүп, ошол каналдар аркылуу да жардам келүүдө.

Азыр эл оозунда эң көп айтылган нерсе — сырттан келген акчаны чоңдор «жеп койду» деген сөз. Мен бул боюнча буга чейин да айткам, азыр да айтам. Андайга жол берилбейт. Жеке өзүмдүн, премьердин көзөмөлүндө. Өкмөт келген каражаттын максаттуу колдонулушуна башы менен жооп берет! Эл алдында, мыйзам алдында, Кудай алдында да.

Урматтуу мекендештериме айтаарым, ооба абал оор. Муну баарыбыз билип турабыз. Биз жалпы кыргызстандыктар пандемия шартында жашаганды жана эмгектенгенди үйрөнүшүбүз керек. Экономикалык, социалдык долбоорлор токтобойт. Жаңыларын баштайбыз. Менин президенттик ишимде калкты таза суу менен камсыздоо, ирригацияны оңдоо, калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу программалары кырдаал  канчалык кыйын болсо да токтобойт.

Социалдык тармакта иштегендердин айлыгы үзгүлтүккө учурабайт. Баары тең убагында төлөнөт. Аялуу катмардагы жарандарыбызды колдоо саясаты да көзөмөлдө. Муну да токтотпойбуз.

Өлкөнү санариптештирүү мурдагыдан да ыкчам темпте жүрөт. Анткени пандемия санарипке болгон муктаждыкты абдан күчөттү. Бул талапты азыр да катуу коюп жатам. Бардык тармактар боюнча санариптештирүүнү тездетебиз. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, биз дүйнөлүк рейтингде санариптештирүү боюнча 9 позицияга алдыга жылдык. Бул кыска мөөнөттөгү абдан чоң жетишкендик деп эсептейм.

Деги эле калктын турмушун жакшыртууга багытталган бардык долбоорлор токтобойт.

Биз мындан да оор кыйынчылыктарды жеңип келген элбиз. Үмүттү үзбөйлү, урматтуу агайын-туугандар, мекендештерим! Тарыхыбызда мындан да оор сыноолорду өткөзгөнбүз. Бул кыйынчылыктардан да чыгабыз. Ооруну жеңүүнүн бир эле жолу бар: улуттук биримдик, эбегейсиз жоопкерчилик, абдан терең ишеним. 

Негизгиси — жерибиздеги тынчтык жана элибиздин амандыгы.

Кечээ жакында Аалы акыныбыз, баталуу элбиз деп ырдаптыр. Абдан кунт коюп уктум. Угуп койсо деп каалоо айтат элем.

Адамзаттын башына түшкөн мүшкүлдү дүйнө эли менен катар биз да жеңип чыгабыз.

Президент катары менин ар бир күнүм ушул пандемия менен башталып, пандемия менен бүтүп жатат. Эң маанилүү жана керектүү жагдайлар боюнча менде толук маалыматтар бар. Өкмөт, жергиликтүү бийлик эмне чараларды көрүп жатканынан толук кабардармын. Өзүм дагы күнүгө талапты коюп, сүйлөшүп, тиешелүү чараларды көрүү, элге медициналык кызмат көрсөтүү, дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча талаптарды коюп жатам.

Азыркы жагдай мамлекеттик системадагы бир топ илдетибизди ашкереледи. Жыйынтыктарды чыгарабыз. Бир топ мамлекеттик маселелер, багыттар боюнча терең ойлонуудамын. Мамлекеттин, элдин жашоосуна таасир этчү бир топ кадамдарга барабыз, буйруса. Анын негизгиси — саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн баарыбыз туш болдук, улут саламаттыгына коркунуч жаралды. Буйруса, саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз", - деди Сооронбай Жээнбеков.