Депутат Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга аракеттенүүдө. Ал соцтармактагы баракчасына: 

"Миңдеген жарандар мага өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга нааразычылыгын билдирип кайрылуу жолдоп жатышат. Ага байланыштуу мыйзамдын мага берген укугунан падаланып мамлекет башчысы С. Ж. Жээнбековдон аудиенцияны талап кылам", - деп жазды.  

Ошондой эле ал жолугушууга жумушту топту түзүүнү талап кылып, депутаттын билдирүүсү расмий билдирүү болуп саналаарын эске салган. 

Буга чейин да Карамушкина Жээнбековдон жолугушууну суранган. Өткөн жылдын октябрь айында парламент жыйынында сөз сүйлөп жатып президенттен кабыл алуусун суранган. Президенттик аппарат депутатка мындай маселени трибуна эмес аппарат аркылуу чечүүгө аракеттенүү керектигин эскерткен. Ошону менен жолугушуу болгон эмес.