Борбордук Шайлоо Комиссиясы Сагынбек Абдрахманов жетектеген альтернативдик Кыргызстан Социал демократтар партиясынын каржы маселелери боюнча ѳкүлүн каттоодон баш  тартты.

БШК  мүчѳлѳрү мындай чечимди партиянын уюштуруу документтеринин жана мѳѳрүнүн жоктугу менен түшүндүрдү. Ошону менен катар учурда бул боюнча сот иштери жүрүп атканы маалым болду. Соттун чечими чыкканга дейре партия шайлоого катыша албайт.

Ошондо кандай болуп калат? Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев лидерkик кылган КСДП партиясын алсыратып, ичтен бѳлүп жарууда зор кызмат ѳтѳгѳн Сагынбек Абдрахманов шайлоого катышуудан четтетилип, колдонулуп, анан кереги жок  болгондо бет аарчыдай эле ыргытылдыбы?

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл