"Биз азыр күнөөлүүнү издебей, биримдикте, ынтымакта апаатты жеңгенге аракеттенишибиз керек", - деди "Ак Калпак" партиясынын лидери Улук Маматаев. 

"Тилекке каршы көп белгилүү адамдарыбыз паникага берилип кетип жатат. Бирок элден айланса болот деп коет, кыргыз эли луу эл, бийик ынтымагын көрсөтүп жатат. Бизнесмендер, саясатчылар, колунан иш келген адамдар кырдаалга кайдыгер карабай колунан келген жардамын берүүдө", - деп белгиледи ал. 

Ошондой эле ал учурдагы абал парламенттик башкарууга шашылыш өтүп алгандын кесепети катары баалады. Өлкө башына түшкөн кыйынчылыкта парламенттин жоопкерчиликти ала албаганы, кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарга бара албаганы биздин парламенттик системага даяр эместигибизди, ал турмак ал тууралуу жетиштүү түшүнүгүбүз жоктугун билдирди. 

"Бүгүнкү күн биздин парламенттик башкарууга даяр эмес экенибизди далилдеди. Бир башкаруудан экинчи башкарууга бат эле өтүп кетебиз деген ойдо болгонбуз да. Ал ой жаңылыштык экенин, өтүүдөн алдын алгая элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп даярдоо керектигин ачыктады. Элди даярдабай өтүп алганыбыздын кесепетин эми көрүп жатабыз. Парламенттик система өзү актаган жок. Муну мен эле эмес, коомчулуктун калың катмары айтып жатат", - деди партия лидери.