Учурда партиясын БШКдан шайлоого каттатып койгондор, депутат болуу дымагы бар, бир партиянын ондугунда же жок эле дегенде отуздугунда туруп алып, ушинтип сүйлөп болсо да элге тааныла берейин деп, шайлоо өтпөсүн, шайлоонун балакетин алабызбы?!- деп курдүрмөт кыйкырышса, айрымдар түшүнүп- түшүнбөй эптеп эле шыбамайга тема табылганына сүйүнүп, Фейсбукка бул тема боюнча постторду жазып башташты...
Булардын ичинде бул теманы өзгөчө жаны калбай көтөрүп жаткандар долбоорлоруна акча келерин күтүп отургандар. Бул тема алардын бузукулук маалыматтык саясаты!
Биринчиден, Конституцияда шайлоо убагында өтүш керек деп так жазылган. Шайлоону каалабасак анда Конституцияны өзгөртөлү. А аны өзгөртүү да машакатты талап кылары турган иш. Анүстүнө анда да Конституцияны өзгөрткөндүн балакетин алабызбы...лар сөзсүз айтылат...
Экинчиден, шайлоо болбосо, өкмөт бекибесе, ушинтип илең -салаң болуп жүрө беребиз. Бир жагынан пневмония, бир жагынан саясий талаш тартыш болуп, жүдөп жүрө бербей, мыйзам алкагында, конституциялык мөөнөттө бардык бийлик бутактары туруктуу иштеш керек.
Ансыз деле азыркы парламенттин депутаттарын сындап, ишеним артпай, ал тургай эл кыйналып жатканда каникулга кетип калды деп жатабыз, анан кантип ушул парламент менен калабыз?
Элмира Мадиева, журналист