Учурда шайлоону кийинкиге жылдыруу  мүмкүнчүлүгү боюнча ар кандай сунуштар айтылып жатат. Кимдир бирөө мындай кылуу жарабайт, шайлоо кандай кырдаалда, кандай баада болбосун сөзсүз өтүшү керек, анткени Конституция Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн мөөнөтүн беш жылга так  аныктаган жана аны өзгөртүү мүмкүн эмес, бир гана өлкөнүн бардык аймагына өзгөчө абал киргизилсе, анын шартында шайлоо өтпөйт дейт. 

Кимди бирөө парламентке өзүн өзү таратууну жана бардык башкарууну президентке өткөрүп берүүнү сунуштап жатат. Аны менен катар көпчүлүгү өзгөчө абалдын киргизилиши экономикалык, уюштуруучулук, ал турмак сырткы саясат мүнөзүндөгү да абдан чоң көйгөйлөрдү жаратаарын билип турушат. Мындан башка да сунуштар бар.

Алгач Конституция Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн так календардык мөөнөтүн аныктабаганын белгилегим келет. Анда депутаттар 5 жылга шайланат деп гана айтылат. А шайлоо тартиби, буга так мөөнөттү аныктоо да кирет - өзүнчө конституциялык мыйзам менен такталат. 

"КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" Конституциялык Мыйзамдын 59-беренесинде түз жазылган: Жогорку Кеңешке шайлоо депутаттардын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү аяктаган айдын биринчи жекшембисинде өткөрүлүшү керек. Бул норма Президентке шайлоо күнүн жылдырууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондуктан ал өзүнүн Жарлыгы менен шайлоону 4-октябрга белгилөөгө милдеттүү. Ушул мыйзамдын 31-беренеси башка өлкөлөрдөй болуп калкка эпидемия жана пандемиянын коркунучу сакталып турган шартта шайлоону бир нече күндүн ичинде өткөрүүгө жол бербейт. 7-беренеде өлкөнүн бардык аймагына киргизилген өзгөчө же согуш абалында шайлоо өткөрүлбөй турганы так аныкталган. 

Ал эми өлкөнүн бардык аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режиминде кандай кылуу керек - бул мыйзамда эске алынган эмес. Шайлоо тууралуу мыйзамда шайлоочулардын аралыктан добуш берүүсүнө байланышкан маселе жөнгө салынбаган. 

Ошондуктан аталган мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жогоруда келтирилген жүйөнүн баарын жөнгө салган, туура жана рационалдуу чечим болуп саналат. Биринчи кезекте президентке  өзгөчө абал режиминде конкреттүү эпидемиологиялык кырдаалга таянуу менен шайлоо күнүн жылдырууга ыйгарым укук берүү керек. Аны менен катар Жогорку Кеңештин депутаттары арылыктан иштөө режимине өтүшө алат, бирок айлык маяналары сакталбайт, түшүндүрүп айтканда, алар "бийик патриоттук сезимдери" менен иштөөнү улантышат. 

Бирок ушул жана башка тийиштүү мыйзам өзгөртүүлөрүн киргизүү үчүн депутаттар кезексиз жыйынга чогулушу керек, канчалык эрте болсо элге ошончолук жакшы. Болбосо шайлоо алдындагы үгүт кампаниясын жана шайлоону эл   изоляцияланган,  массалык иш чараларга, облустар аралык кыймылдарга чектөө киргизилген учурда өткөрүү - жумшак айтканда, олуттуулук эмес. Ошону менен бирге депутаттар карантиндик талаптарды бузбай аралыктан иштеп жана мыйзамдарды кабыл алууну башташа берсин. БШКнын дагы сырттан караган байкоочуга айланууга укугу жок, андыктан өзгөчө абал шартында шайлоо маселесин жөнгө салчу нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча өзүнүн конкреттүү сунуштарын берүүгө милдеттүү.

Феликс Кулов