Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыккы өлкө башчы 13-июлда кол койду.
"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Абдылдаев Эрлан Бекешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Булак: media-center.kg