Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды:
"Президентке карата чабуул жасап, уюштуруп жаткандар бир ЧЫНДЫКТЫ жакшы түшүнсө дейм... Учурда Өлкө үчүн башаламандык өлүмгө тете... Азыр бирдеме болуп кетсе бир дагы саясий лидермин дегендин, бир дагы саясий партиянын бийлигин жалпы эч ким тааныбайт, моюнга албайт... баш ийбейт... Эч бир киши элдин алдына чыгып толкунду токтото албайт... Андай инсан жок!!! Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков кандай айтсак дагы коомду, мамлекетти консолидация кылуучу жалгыз легитимдүү Институт, башка жок. От менен ойнобойлу, бир колубуздун ачуусун бир колубуз менен басып, сабыр кылалы... Алааматтан чыгып кеткенче биримдикти сактайлы. Ар кимдин жооп берчү учуру алдыда... Азыр кимибиз жашайбыз, кимибиздин ажал бул дарттан экендигин бир Кудай билбесе эч ким билбейт.... Аман бололу! Жараткан ошол күндөргө жеткирсин дейли..."