Кечээ, президенттин кайрылуу чыгаар замат РЕАкция кыймылы, Атамбаевдин маалыматтык тобу жана башка оппозициялык күчтөр “дизлайк” теманы алып чыгышты. Кандай болду? Президент элге чыгып, “бул кырсыктан ынтымак менен чыгалы, сабырдуу жана ынтымактуу бололу”-деген чакырык жасады. Так ушул видеого заматта эле 4 000 дизлайк, башкача айтканда “жактырбоо” кнопкасы басылды.

Муну, Атамбаевдин китебин жазып, гезитин чыгарып акча алып жүргөн журналист Лейла Саралаева, дагы бир активдүү колдоочусу Кылыч Султанов, РЕакция кыймылынын мүчөсү Мирбек Маматкасымдар скриншот кылып алып, улам таратып жатышат.

Дизлайкты жасалма бот же компьютердин жардамы менен жасап койсо болот. Аны бул шилтеме аркылуу көрүүгө болот. Атайын программа менен кайсы бир компания же саясатчынын дарегине колдонуп келишет. 50 дизлайктын баасы 4 доллар турат. Атайын программалар бар, ага акча салып тегеретип койсо болот.

https://youtu.be/3wKKX0Vemqo

Азыр айрым саясатчы, президенттердин, компаниялардын атайын так ушул соцтармактар боюнча атайын кызматтары бар. Бул нерсе учурда кадыресе көрүнүш. Ошол эле учурда азыр иштеп жаткан сервистер бар экен алардын баасы 50 лайк 4 доллар турат экен”-дейт адистер.

Азыр Кыргызстанда абал оор, мынтип бузукулук менен алектенип, президенттин астына дизлайк жасап алып, “мына кадыры түшүп калды”-дей турган учур эмес. Азыр ар бир жаран ынтымакка жана сабырдуулукка чакырык кылып, элге, ооруп жаткандарга жардам бере турган, ар бир жаран өзүн жана үй бүлөсүнүнүн саламаттыгын ойлой турган мезгил. Тилекке каршы, ушундай учурда дагы саясатка, бузукулукка убактысы болуп жаткан айрым саясий топторго уялгыла деп айтуу керек.

На изображении может находиться: 1 человек, текст

 

 Баяна Кулова, журналист