"Чыныбай Турсунбековдун кызын колдобой, унчукпай кое албайм. Чыныбай Акунович ооруганга чейин мага телефон чалып, жолугушууну суранды. Көп нерсени сүйлөштүк: саясат, анын айланасында жаралган кырдаал тууралуу сүйлөштүк, бирок жолугушуунун башкы себеби - алдыдагы шайлоо болду. Мен ал аз эмес кеңештерди алганын жана менин пикиримди угууга да ынтызар болгонун түшүндүм. Ал КСДПнын курамында шайлоого барбай турганын ачык жана так айтты. Ага себеп жөнөкөй эле: Атамбаев анын колдоосун, жардамын пайдаланганы менен дистанцияны карманган. Мында мисал келтире алам. Премьер-министрге талапкер боюнча меселе чечилип жаткан учурда мен анда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын парламенттик көпчүлүк Коалициясынын төрагасы катары Атамбаевге кирип, бул кызматка Чыныбай Турсунбековду, ошол учурдагы КСДП фракциясынын лидерин сунуштадым. Мен сунушумду 5-чакырылышта маңызында башкаруу партия болгон КСДПдан премьер-министрликке талапкер көрсөтүлбөгөнүн айтып бекемдедим. Бул туура эмес, биз өзүбүздү парламенттик республикабыз деп жар салбадыкпы, демек башкаруу партиясы өкмөттүн иши үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керек дедим. Ошондой эле ишмердүүлүктүн жылдарында бардык депутаттар Чыныбай Акуновичтин абийирдүүлүгүнө абдан ынанып калышканын, анын ар кандай интригадан алыс жүрөөрүн, экономиканы жакшы түшүнөөрүн, материалдык жактан толук камсыздыгын, бир сөз менен айтканда аны дайындасак жаңылбай турганыбызды айттым. Тилекке каршы, Атамбаевди макул кыла албадым. Ошондуктан Турсунбековдун социал-демократтардын катарында шайлоого баргысы келбегенин угуп таң калган жокмун. Ал мага Атамбаев жана анын туугандарынын эч кимиси менен эч кандай мамилеси жоктугун айтты.
Маркумдар тууралуу калп айтууга болбойт. Ошондуктан мен чындыкты айтууга милдеттүүмүн. Ар кандай ойдон чыгарылган кептер менен маркумдун үй-бүлөсүн, жакындарын бушайманга салуунун кереги жок", - деп жазды Феликс Кулов соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Чыныбай Турсунбеков каза болгондон кийин Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Чыныбай Турсунбеков КСДПны жашыруун колдоп келгенин жана бийликтин басымынан улам позициясын ачык билдире албаганын билдирген. Ага жооп катары маркумдун кызы Айдай Турсунбекова "атасынын өлүмүн саясий оюнга пайдаланбоосун" айткан.