Маалымат каражаттарында коомдук ишмер Кылычбек Исмамбетов башында турган пандемия менен күрөшүү үчүн "Бирик" Улуттук бирдиктүү маалымат системасы түзүлгөнү тууралуу маалымат тарады. Андагы айтылгандар боюнча бул система коронавирус жана пневмония белгилерине чалдыккан адамдарга ыкчам көңүл буруп, жардам көрсөтүшөт экен. Жалпысынан системада сегиз тармак боюнча маалымат камтылган. Бул соцтармактардын колдонуучуларынын жылуу пикирине ээ болуп, түзүүчүлөрдүн түпкү максаты эмне экенин билбегендерге кыйын кезеңде пандемия менен күрөшүүгө билек түргөндөй баатырдай эле элес калтырды. А чындыгында "Бирик" партиясынын бул аракети күздөгү парламенттик шайлоого эрте күндө даярдануу, элдин көңүлүнө пандемия аркылуу илинип калууга далалат экени баарына жеткилең эмес. 

Фактчек  аталган Улуттук система "Бирик" партиясынын бир бөлүгү, башкача айтканда экөө бир адамга - Кылычбек Исмамбетовго таандык экенин иликтеп чыккан. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз жолдогон. Мындан улам партиянын бул кылганы шайлоо алдындагы үгүт иштерине кирип калышы мүмкүнбү деген Фактчектин суроосуна БШКнын мүчөсү Атыр Абдырахматова мындай жооп берген: 

«Парламенттик шайлоо дайындалган күндөн тарта кайсы бир партия же алардын өкүлдөрү, туугандары мыйзамда белгиленген мөөнөттө гана агитация жүргүзүшү керек. Күздөгү шайлоо боюнча үгүт иштери  4-сентябрдан 3-октябрга чейин болуп өтүшү керек. Кээ бир активисттер, ишкерлер, шайлоого катышам деп расмий жарыялагандан соң да азыркы оор кырдаалда коомдук ишке аралашуу менен өзүнүн пиарын улантууда. Ал эми бүгүн ЖМКлар “Бирик”  коомунун кылып аткан иштерин, жарнамаларын чыгарышты. Мен жарнама катары чыгарды деп эсептейм, анткени коомдук уюмбу же системаны ким уюштурганы тууралуу маалымат жок. Бирок “Бирик” саясий  партиясынын эн белгисинин дал өзү турат. Түптөөчүсү түзгөнү боюнча да жазылып турат. БШК бул боюнча чара көрүшүн кесиптештериме сунуштайм. ЖМКлар шайлоонун үгүт иштерин убактысы келгенде гана жарыялашы керек. Партиялардын иштерин көмүскө реклама кылган болбойт. Качан гана үгүт жараяны башталганда кайсы бир саясий партиянын маалыматтарын, сөзсүз түрдө партиянын шайлоо фонду тарабынан каржыланып, ал тастыкталып анан чыгаруу  керек. Расмий келишим түзүлүшү керек. Үгүттөө маалыматарын үгүт жараяны баштала электе чыгаруу мыйзам бузуу болот». 

Демек, "Бирик" шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузууда. Калк башына түшкөн капсалаңды өз пайдасына буруп, "чабал өрдөк мурда учат" ыкмасын тандады. Азыр эл жугуштуу дарттын каптаганынан айла-амалын таппай турганда, бул жаатта катуурак кыйкырып, кайсы бир ишти жонуна көтөргөндөргө кол чапкылачудай акыбалда. Мына ушундан пайдаланган партия алдыртадан өз максатын ишке ашырып, шайлоого добуш камдап баштаганы анык. 

Биринчи "Бирик" партиясы качан түзүлгөн, Кылычбек Исмамбетов ким, катарында кимдер бар деген суроо жаралат. БУл партия 2018-жылы каттоодон өткөн. Маданият, адабият жаатынын өкүлдөрү бар. Болгондо да абройлуу, каныккан, тажрыйбалуу өкүлдөр эмес, жаш муундун тың чыкмалары, ар кандай адабий, маданий шоулар аркылуу элге аз-маз таанылгандар. Алар партия жаңы түптөлгөндө кыргыз адабияты менен маданиятын жаңы деңгээлге көтөрүүгө, улуттун рухун аздектөөгө багыт алышаарын билдиришкен. Бирок эки жылдан бери адабият же маданияттын чачпагын көтөрүүгө бул партиянын кандайдыр бир шарапаты, аракети билинген жок. Мындан улам партия элге, жерге салымын кошуп, жасаган иштери менен тарых калтырууга арналып ачылбаганын, жөн гана парламенттик шайлоого карата түзүлүп, парламентке барууну гана ниеттенгенин билүүгө болот. Аты жаман дарттын тараганына көп болду, өлкө бир айдан ашуун карантинде отурду. Анда "Бириктин" аты да угулбады, жыты да жыттанбады. Эми гана президент парламенттик шайлоонун күнүн белгилеген Жарлыкка кол коюп, саясий партиялардын чоң жарышына жол ачылгандан кийин пандемия эстерине келип, күрөшүү жолун ойлонуп башташты. 

Кылычбек Исмамбетов 2015-жылдагы шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен барган. Бирок депутат болуу бешенесине буйрубады. "Ата Мекен" аркылуу депутаттыкка талапкер болуу тажрыйбасын пайдаланып өзүнчө партия ачып, ансыз да Кыргызстандагы саны көп, сапаты жок партиялардын катарын дагы бирөөгө көбөйткөндөй түрү бар. Ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу, анткен менен үгүт иштеринде этият болбосо, эрте баштаганы пайда алып келбей, тескерисинче зыянын тийгизерин биле жүрсө. Ар нерсенин өз убагында болгону жакшы.