Мурунку вице-премьер Алтынай Омурбекова экс премьер-министр Өмүрбек Бабановко ыраазычылык билдирди.Анткени ал врачтардын тамак-аш жатаканаларын төлөгөнүн өзүнүн Facebook. баракчасына жазып чыккан
«Бүгүнкү күндө доктурлар,медайымдар, фельдшерлер, санитарлар-азыркы күндүн баатырлары. Алар алтындан да кымбат, биз аларды баркташыбыз керек. Алар жумуш күнү бүткөндөн кийин жакшы тамактанып эс алышы керек. Жумуш бүткөндөн кийин үйлөрүнө барбашы зарыл, себеби бул вирус үй-бүлөөлөрүнө коркунуч жаратат. Мага бул өтүнүч менен врачтар кайрылышты. Мен бул сунушту Өмүрбек Токтогуловичке айтканымда ал четке каккан жок. Ал 40 врачка мейманкананы ижарага алып, тамак ашынан бери камсыз кылды. Өмүрбек Токтогуловичке жана врачтарга ыраазычылык билдирем» -дейт Алтынай Сейитбековна.
Булак: vesti.kg