“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги тарабынан жарыяланган “Ташиев ооруканадан чыгуудан жана Өкмөт сунуштаган атайын бейтапканага которулуудан баш тартты”- деп аталган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу экс-депутат, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин жакын санаалаштарынын бири Нургазы Анаркулов билдирди.

“Ал маалыматта: Камчыбек Ташиевди дарылоо жыйынтыкталды жана ал ооруканадан азырынча чыгуудан баш тартты. Мындан сырткары, ага Өкмөт тарабынан да атайын бейтапканага которулуу сунушу түшүп, бирок ал баш тартып койгон”- деп таптакыр теңирден тескери нерсени жазып жатасыңар. К.Ташиевдин сакайышын тилегең миңдеген адамдар таң калышып, “эмнеге ооруп бүтсө, ооруканадан чыкпай жатат, дагы эмне болуп кетти”- деп телефон чалып жатышат. Эң жаманы, бул маалымат Камчыбек Кыдыршаевич дарыланып жаткан стационарда эмгектенип аткан дарыгерлерге оор тийди. Алар күнү-түнү тынбастан иштеп, ооругандарды бутуна тургузуп, оор шартта болуп атса – алардын эмгегин жокко чыгарып, калп маалымат айтылса – адам жаман болот экен. Ошондуктан, мен бул маалыматыңарды таптакыр туура эмес деп дагы баса белгилеп айтып кетем”,- деди Н.Анаркулов.

Саясатчы К.Ташиевдин абалы боюнча маалымат берип жатып, Н.Анаркулов буларга токтолду: “Мен Камчыбек Кыдыршаевич менен бүгүн сүйлөштүм. Телефон кармап, биринчи жолу мени менен сүйлөшүп жатканын айтып, туура эмес маалыматтар чыгып жатканына капаланды. Азыр абалы кыйла түзүк . Кудай буюрса, күндөн-күнгө алдыга жылыштар болууда. Учурдан пайдаланып, окурмандарга кайрылып кетет элем. Акыркы кезде К.Ташиевге байланыштуу өйдө-төмөн сөздөр көбөйдү. Дагы да көп маалыматтар чыгышы мүмкүн. Анын баарына ишенбегиле! Туурасын билгиңиздер келсе, мени менен байланышыңыздар. Ушундай оор учурда бардык ооруп жаткан адамдардын сакайып кетишин тилейм. Бирге баарын жеңебиз!”.