Саясат талдоочу Зайнидин Курманов Кыргызстандагы саны көп, бирок сапаты аз саясий партиялар тууралуу пикирин билдирди. Айтымында, алсыз партиялар биригиши керек. 

"Кыргызстандагы партиялардын баары чакан жана алсыз. Бирок ар биринин ресурсу ар башка. Ошондуктан алсыз партиялар биригүүсү щарт. Ошондо мүмкүнчүлүк жаралат!"

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүү күнүн 4-октябрга белгилеген Жарлыкка кол койду. Мыйзам боюнча, мындан беш күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган партиялар БШКга арыз жолдошу керек. Учурда 35тен ашуун саясий партиялар шайлоого катышуу ниетин билдиришти.