Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов эпидемиологиялык курч кырдаалга туш келген парламенттик шайлоого киргизилчү бир катар жаңы эрежелерди сунуштады. 

"Президент парламенттик шайлоону ушундай кыйын кырдаалда дайындагандан кийин абалдан пайдаланып, менин шайлоону өткөрүү боюнча Концепциямды кабыл алуу керек. Аны президенттин Жарлыгы, же Өкмөттүн токтому менен жасап коюуга болот. Болбосо шайлоонун ашмалтайы чыгат.

Мен көп жылдан бери сунуштап келаткан Концепциянын мааниси:

1. Дебаттар, дебаттар жана дебаттар (ТВ аркылуу)

2. Партия жана талапкерлердин сырткы жана ТВ жарнамаларына тыюу салуу

3. Партияларга шайлоочуларды чогултууга тыюу салуу (негизинен стадиондорго, ипподромдорго ырчылардын концертин уюштуруу менен)

4. Жолугушуулар жергиликтүү бийлик менен бирге бардык партиялардын катышуусунда өткөрүлүшү керек (Бул пункт  кийинчерээк - эпидемиядан кийин)", - деп жазды Абдырахманов. 

Ал белгилегендей, мындай эрежени кабыл алуу административдик ресурстун күчүн жоготуп, акчанын башкы орунга чыгуусун азайтат. 

"Башкысы партиялардын лидерлери  калың капчыктууларды эмес, элди дебат жана өзүнүн программалары менен тарткан акылдууларга муктаж боло башташат", - дейт экс-депутат.