Парламенттик шайлоого катышууну чечкен саясий партиялар съездин онлайн өткөрө алышат. Мыйзам боюнча буга тыюу салынган эмес. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. 

Анын айтымында, буга чейин маселе кеңири талкууланган эмес, бирок пандемия убагында алгоритмди ойлонуу зарыл. Партиялар съездин өз уставы жана регламентине ылайык өткөрүшөт. Учурдагы кырдаалга байланыштуу ишти өзгөртүүгө аргасыздык жаралды. 

"Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болбой турат, карантин шартында расмий жана массалык иш чараларды өткөрүүгө болбойт. БШК партияларга депутаттыкка талапкерлердин тизмеси түзүлө турчу съезддерди онлайн өткөрүүгө сунуш берет", - деди Журабаева.  

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.