"Облустардын ортосундагы карым-катнаш, тойлорго жана көпчүлүк барган иш чараларга тыюу салынды. Бирок саясий партиялардын шайлоо алдындагы штабында күн сайын көп адамдар чогулушат. Андан тышкары жакын арада съезддер өткөрүлүп, депутаттыкка талапкерлер тандалышы керек. Булардын баары өзгөчө кырдаал шартында тыюу салынган, бузгандарга айып пул каралган көпчүлүк катышкан иш чаралар болуп эсептелинет. Аны менен бирге съезд өткөрбөй туруп депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитүү мүмкүн эмес. Ошондо, бир мыйзам чогулууга тыюу салат, а экинчиси ошол нерсени жасоону талап кылат. Республикалык штаб эпидемиологиялык кырдаалга, БШК шайлоого жооп берет. Алардын ортосунда шайлоочулар жана партиялар. Кимди угуп, кимдин буйругун аткарууну билишпейт. Бүгүнкү күндөгү абдан, абдан чоң маселелердин ортосунда ушундай майда да маселелер бар", - деп жазды Феликс Кулов соцтармактагы баракчасына.