Кыргызстанда элдик ишенимдеги өкмөт түзүү керек. Мындай сунушту Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан көтөрүп чыкты. 

Ал кыргыз аткаминерлери илдеттин алдын алууга көп убакыт натыйжасыз коротконун, бирок андан кийин илдет менен күрөшүүгө туура келгенин белгиледи. 

"Анын кесепетинен учурда адам өлүмү көбөйүп жатат.Парламент депутаттары кезексиз жыйынга чогулушу керек деп ойлойм. Алар элдик ишенимдеги өкмөттү түзсүн да, өздөрү тарасын. Бул аткаруу бийлик бутагын Өмүрбек Бабанов же Адахан Мадумаров жетектесе туура болот деп эсептейм. Анткени акыркы президенттик шайлоодо бул эки инсан элдин калың катмарынын ишенимине ээ экенине күбө болгонбуз. Бир дагы депутатта булардыкындай кадыр-барк жок", - деди Кылычбек Султан.