Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдирип "Бийлик элге" саясий партиясы арыз жазды. 

Анда айтылгандай, партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кайрат Аманжолов катталган, ал эми каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Рахим Хасанов. 

БШК белгилегендей партиялар талапкерлердин тизмесин шайлоо күнү белгиленгенден тартып 45 календардык күндө берип бүтүшү керек.