Ырчы Бек Борбиев соцтармактагы баракчасына парламенттин азыркы чакырылышынын мөөнөтү аяктап, ал эми кийинкиси убагында шайланбай калса өлкөдө хаос, башаламандык жаралаарын белгиледи. 

Пикиринде, "азыркы кезде шайлоону токтотуп туралы дегендер - оорудан саясат издегендер". 

"ЖК мөөнөтү бүтүп кийинки ЖК келгиче өлкө бийликтин бир бутагы жок эмне болот? Хаос, башаламандык! Ушул нерсени каалагандар баягыда карантин киргизбеш керек дешти, киргизген соң тез ачкыла, эл кыйналды дешти. Натыйжада эмне болду, оору массалык түрдө таркап кетти. Алардын оюу ушул эле, ишке ашты. Эми алар ооруну көзөмөлдөн чыгарган Өкмөт, Президент күнөөлүү деп башташканын эми даана көрүп жатабыз.

Мынакей элди оюнчук көргөн саясатчылардын чыныгы жүзү. Бийлик эми орусча айтканда "на поводу" кетпеш керек, аларды пандемия күчөп турганда саясатты токтот деп тыйыш керек. Алардын түпкү кыялы - кандай гана болбосун азыркы бийликти түшүрүп, кайрадан өлкөнү саан уйдай саап ичүү", - деп жазды ырчы.