Эпидемиологиялык кырдаалдын кескин оорлошуусунан улам  саясий партиялардын шайлоо алдындагы кампаниялары толук кандуу иштейт деп айтуу кыйын. Партиялардын жана болочок депутаттардын программалары менен бир топ кеңири таанышууну каалаган көпчүлүк шайлоочулар үчүн да маселе жаралат. Мыйзамга ылайык, өлкөнүн бардык аймагына өзгөчө абал же аскердик абал киргизилгенде гана шайлоону кийинкиге жылдырса болот.  Ошондуктан коронавирус пандемиясына жана пневмониянын күтүлбөгөн толкуну жаралганына карабай Президент 4-октябрга шайлоону белгилөөгө милдеттүү болчу, ал аны тийиштүү Жарлык чыгаруу менен аткарды.

Мен буга дейре шайлоо күнүн бир, бир жарым ай кийинкиге жылдыруу туура болоорун сунуштагам. Бул үчүн биздин урматтуу депутаттар каникулга кетпей, сессияны 1-августка чейин узартышы керек эле, бул убакыт ичинде мыйзамга шайлоо күнүн кийинкиге жылдырууга өбөлгө болчу тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизишмек. Тилекке карщы, аларга башка маселелер зарыл экен. Бирок эгер эпидемиологиялык абал начарлап кетсе биздин депутаттар акы төлөнгөн эмгек эргүүсүнөн кайтып келип, зарыл чечимдерди кабыл алып, мамлекет башчыга шайлоону жылдыруу талабы менен кайрылууга аргасыз болушат. Болбосо шайлоо алдындагы толук кандуу эмес кампания, үгүт иштериндеги катаал карантиндик чектөөлөр, шайлоочулар менен жолугушуунун мүмкүн эместиги коомчулукта ишенбөөчүлүктү, сынды, чыңалууну пайда кылышы ыктымал.

А азырынча коронавирус жана пневмония азайып, жашоо өз нугуна кайтып келет деп үмүт кыла туралы.

Белгилеп кетчү нерсе, депутаттар эки айлык каникулга кетишпейт, бул алар үчүн өтө эле ыңгайлуу болуп кетери анык, алар бир айга кетишет, экинчи ай шайлоочулар менен жолугушуу үчүн. Бирок мындай абалда эч ким жолугушуу өткөрбөйт эмеспи. Ошондуктан бир айдан кийин кайтып келишип, партага отурушуп, шашылбай, калдактабай мыйзамдарды кабыл алышып, “косяктарын” оңдоолору керек.

 

Феликс Кулов, экс-депутат