УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен анын кол алдындагылары бүтүндөй мекеменин бетине көө жаап, «Альфа» кызматын бүтүндөй дүйнөгө шылдың кылды. Мындай пикирин УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери, Алмазбек Атамбаевдин күзөтүн жетектеген Канат Сагымбаев өз кайрылуусунда билдирген.
«Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилелери үзүлгөндөн кийин, мурдагы президенттин дарегине үч жолу коркутуу болгон. Мен анда жетекчилигиме кайрылып, Атамбаевди кайтарууга кошумча күчтөрдү тартууну сурангам, бирок, менин бул өтүнүчүмдү алар көз жаздымда калтырып коюшкан. Кой-Таш окуяларынан кийин мен бийлик Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоого кызыкдар болгонуна ынандым.
Карантин маалында, Кой-Таш окуяларынан башка соттук иштердин баары токтотулган. Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу начар экенин билген бийлик атайын аны сотко ташып жатты. Мен өзүмдөн коронавирустун белгилерин байкаганда айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди менин жаныма, айнектин аркасына отургузууну сунуштады. Карантиндин шарттарын сактоонун ордуна судья Марат Сыдыков прокурордун бул өтүнүчүн канаатандырып койду. Ошондо бийлик Алмазбек Атамбаевдин коронавируска чалдыгышын күтүп жатканы белгилүү болуп калдыу», - деп жазылган Сагымбаевдирн билдирүүсүндө.
Канат Сагымбаевдин пикиринде УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен анын кол алдындагылары бүтүндөй мекеменин бетине көө жаап, «Альфа» кызматын бүтүндөй дүйнөгө шылдың кылды.
«Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, биринчи орун басар Таалайбек Салиев, тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек, качан силер элди алдаганыңарды токтотосуңар. Үчөөңөр чындыкты айткандан коркуп, мени курмандыкка чалууну чечип, жоопкерчиликтен качып жатасыңар.
Эми силер жоопкерчиликтен качып, процесстен жакоочу Замир Жоошевди чыгарып салдыңар. Жоопкерчиликтен качкан сизсиз - УКМКнын башчысы! Сиз кантип улуттук коопсуздукту башкарасыз? Жээнбековдорго жагынганыңар аз келгенсип, Матраимовдорго кызмат кыла баштадыңар. Сиз УКМКнын бетине көө жаап, «Альфа» кызматын бүтүндөй дүйнөгө шылдың кылдыңыз!», — деп жазылган кайрылууда.
Булак: vesti.kg