Депутат Анвар Артыков Vesti.kg сайтына берген маегинде парламенттин учурдагы чакырылышынын ишмердүүлүгүнө баа берген. Анын пикирине караганда 6-чакырылыштын депутаттары кайсы бир мыйзам долбоорун кабыл алаарда өзүнүн эмес, башка бирөөнүн көз карашына таянышты.

“Кызыкчылыктардын чокусунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, тартип орнотууга тиешеси жок маселелер турду. Мурдагы чакырылыштар, айрыкча легендарлуу чакырылыш ар кандай маселени докладчиксиз, оппоненттерсиз эле чечип койчу. А азыр көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорун сындап, андан кийин добуш бермейди өнөкөткө айлантышты. Же бир депутат экинчи депутат үчүн добуш бермей. Бул жакшы эмес көрсөткүч. Бул парламенттин ишине ыраазымын деп айта албайт. Депутаттар толук кандуу келесоолор да дебейм. Бирок кабыл алган чечимдеринде кайсы бир субъективдүү пикир таасир берээри анык. Көпчүлүк депутаттар туура эмес добуш берип жатканын түшүнүштү деп ойлойм”, - деген Анвар Артыков.