Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

29-июнда Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айткан, андан коронавируска карата ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыккан.

Ошол эле күнү ага дарыгерлер консилиум жасап, Атамбаевге “эки тараптуу өпкөнүн сезгенүүсү” деген диагноз коюлган. Буга байланыштуу Атамбаев стационардык дарылануудан өтүү үчүн ооруканага жаткырылды.

Булак: Маралфм