Муниципалитеттен кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон.
Жалил Осмонов 1964-жылдын 27-мартында туулган. Жогорку билимдүү. 1989-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин, 2008-жылы Ош ТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит бөлүмүн бүтүргөн.
Иш тажрыйбасы:
1989-2000-жылдары мектептерде мугалим;
2000-2004-жылдары Алай райондук мамлекеттик администрациясында системалык администратор, жалпы бөлүмдүн башчысы;
2004-2009-жылдары “Ага Хан” фондунун микрокредиттик компаниясынын Алай райондук бөлүмүндө, 2009-жылдан 2012-жылга чейин аталган фонддун Ош шаарындагы бөлүмүндө директор болуп иштеген.
2008-2012-жылдары Алай райондук кеңешинин депутаты;
2013-жылдан 2016-жылга чейин КРнын Өкмөтүнө караштуу граждандык курулуш департаментинин Алай райондук бөлүмүн жетектеген.
2016-2018-жылдары Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө каржы жана чарба секторунун башчысы;
2018-2019-жылдары “Синжи-Пирим” жоопкерчилиги чектелген ишканасында реализатор.
2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Ош Пирим-ОСкен” ЖЧКсында директорлук кызматта иштеп турган.
Ош шаарынын мэриясынын мурдагы аппарат жетекчиси Максатбек Зикиров 56 жашында 8-июнда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Булак: Элгезит