Бишкекте Улуттук- мекенчил күчтөрдүн биримдиги жыйын өткөрүп, алдыдагы шайлоого карата кайсы күчкө кошулуу ниеттерин талдоого алышты. Негизинен басым Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун тандемине жасалды. Улуттук-мекенчил күчтөр ушул эки саясатчынын катарында болуп, чогуу чоң жарышка аттануудан баш тартпай тургандыктарын билдиришти.
Бейшенбек Абдыразаков, “Үй куруучулар” партиясынын жетекчиси:
"Өсө турган эл өзүнүн жигиттерин колдойт"
-Биз улутубуздун үрп-адаты, ата-бабаларыбыздын кылымдарды карыткан каада-салтын сыйлап, ошол уңгу менен жашасак, Малайзия, Сингапурдай өнүккөн мамлекет болобуз. Бизде башка жол жок. Башка жолду издеп убара болбошубуз керек. Түндүк-түштүк деп бөлүнбөй, кыргыз элим деп турган бардык мекенчил инсандарыбыз биригип, алдыга жол баштоосу учурдун талабы болуп турат. Камчыбек Ташиевдин эмгектерин билебиз, 2010-жылдагы июнь апаатында эрдигин көрсөткөн, улутка болгон сый-урмат, сүйүүсү канчалык деңгээлде экенин далилдеген. Анын айланасында эл үчүн төшүн тосуп бере турган жигиттер бар. Ал эми Садыр Жапаров “Кумтөр” маселесин көтөрүп, кыргызга өтсүн дегени үчүн абакта отурат. Анын болгон күнөөсү ошол – элдикин элге алып берейин дегени. Мындан ары да мекенчил инсандарыбызды каматып отура берсек, начар эл болобуз. Өсө турган эл өзүнүн жигиттерин колдойт, көтөрөт, ошолорду алдыга салып, артынан коштоп, мамлекетин өнүгүү жолуна багыттайт. 30 жылдык тажрыйбабыз кайда келдик, кайда баратабыз – көрсөттү. Азыр бараткан жолубуз туңгуюкка кептеди, мекенчил инсандарыбыз баштарын бириктирип, алдыга чыгышы керек, андан башка жол жок. Мындай биригүүлөрдү керек болсо бийлик да колдоого алышы керек.
Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер:
"Булардын алган багыты, позициясы, көз карашы улуттук баалуулукка негизделген!"
- Саясий күрөштө көз караш, позициялар боюнча эң жакын күч кайсы деген суроого, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бараткан айдың деп айтат элек. Ушул күчтөр бизге чындап эле сөөм-сөөм, карыш-карыш жакын. Себеби булардын алган багыты, позициясы, көз карашы улуттук баалуулукка негизделген. Буга чейин жасаган иштери да ушул багытта болчу. Ачыгын айтыш керек, бизде азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, “мекенчилдер” менен гана эмес, ар кайсы күчтөр менен горизонталдык сүйлөшүүлөр болууда. Шайлоо улам жакындаган сайын күчтөрдүн биригүүсү табыгый көрүнүш. Эгерде бизде биригүү зарылчылдыгы келип чыкса, кызыкчылыгыбыз, максаттарыбыз жана багытыбыз окшош Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдор бараткан жолго баштанаарыбыз анык.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:
"Улуттун кызыкчылыгын, мекенибиздин мамлекеттүүлүгүн коргоодо бир гана жол бар!"
-Эгер Ташиев менен Жапаровдун биригүүсү тууралуу сөз реалдуулукка айланып, бөлүнүп-жарылбай чогуу баралы дешсе, биз деле акылдашып көрүп макул болобуз. Анткени мекен - бирөө, кыргыз улуту – бирөө. Улуттун кызыкчылыгын, мекенибиздин мамлекеттүүлүгүн коргоодо бир гана жолду тандап алганбыз.