Элибизге аттын кашкасындай таанымал, эли жерине ак кызмат өтөгөн, улут маданияты, наркы, намысы үчүн тикесинен тик турган, Кыргыз элинин бычакка сап, патриот уулдарынын бири Болот Шер дүйнө салды!

 “Кайың ыйлап, тал ыйлап, калың журттун баары ыйлап”- дегендей болуп, өпкөбүз өрөөпкүп жаткан кезде соцтармактарда “Болот Шер Садыр Жапаровдун айынан кайтыш болду, Каркыра казактарга кетип аткандагы оппозициянын жүрүшүнө каршы Түптө уюштурулган провакациялык “жумуртка операциясынан” кийин эле Дооронбек Садырбаев менен Болот Шер катуу капаланып, оорулуу болуп калды”- деген маанидеги маалымат таркап кетти.

 Жерибиздин бүтүндүгү үчүн көтөрүлгөн элибиздин патриотторуна каршы провакация уюштуруп, жумуртка менен урдуруп, жалданган албуут катындарга тытмалаткан ошол окуя бүт өлкө боюнча миңдеген адамдардын кабыргасын кайыштырганы чындык.

Болот Шердин үчүнчү ирет инсульт болуп, акыры комадан чыпай кайтыш болушу тууралуу редакцияда сүйлөшүп отуруп, соцтармактарда жарыяланбаган дагы бир версияны эшитип, аң-таң болдук.

Болот Шердин үйүнө атайылап, аюунун этинен жасалган куурдак, кымыз көтөрө келип, сыйлай отурган Каныбек Иманалиев: “Болот Шер ким да, Рыскелди Момбеков ким? Рыскелди Атамбаевди колдоп, “туура, камалсын, Текебаев жооп берсин” деп парламенттин трибунасында сайрап турду. Сен “Текебаевди бошоткула” деп көчөдө митинг кылып жүрдүң. Өмүрбек Текебаев адам эмес турбайбы, эми сен минтип оорукчал болуп калганда кидать этип, Момбековду тандаганын кара. Жок дегенде Садыкты же Баткенди жазып койбойбу”- деген сыяктуу көп сөздөрдү жебиреп, эки жолу инсульт болгон оорулуу адамдын намысын козгогондо, аюнун күчтүү эти менен кымыздан давлениеси ансыз да көтөрүлүп турган Бокеңдин мээсине кан куюлуп, үчүнчү инсульт болуп комага түшкөнбү?

Айтор Болот Шердин комага түшүп, мезгилсиз дүйнө салганына “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев күнөөлүү имиш... жалпы “ата-мекенчилер” ушул пикирде болуп, биздин өтө ишенимдүү өздүк булагыбыз социалистердин анабашыларынын өз ооздорунан угуптур.

“Сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегендей, кээ бир ушу Каныбек Иманалиевге окшогондор мораль окуганда жаның күйөт экен. “Тили буудай кууруйт экен, башы да иштейт өңдүү, ушундан бирдеме чыгат го?”- деп, акча-тыйынсыз депутат кылган Феликс Куловдун көчүгүнө суу куйуп, Атамбаевдин колтугуна кире качып, андан соң, “типографияны бузуп курам, ошондо жыргатам”- деп, Текебаевди алдап депутат болуп, эми ал экөөнү боктоп таштап, Раим-миллиондун көчүгүнөн оорун тапкан Каныбекке окшогондорго эмне жок?

Жалаң ушуга окшогон, жеке карабашы үчүн элдинжердин кызыкчылыгын сатып, көчүгүн улам бир жетекчиге такап, артынан суу куюп көнүп алган саясый сойкулардын айынан өнүгүп-өспөй чөгүп баратабыз. Эми, “Раим миллиондун “Мекеним Кыргызстаны” менен депутат, спикер болом”- деп опурулуп калган экен, аман болсок 2023-жылы Сооронбай Жээнбековдун көчүгүнө суу куйганын деле көрүп калсак керек! Ага чейин эле баарыбызды инсульт кылып салбаса...

 

“Майдан. kg” гезити, №19 (454) 24.06.2020-жыл