Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев соцтармактагы баракчасына Атамбаевдин 11,2 жылга эркинен ажыратылышы боюнча пикирин жазып чыкты. Мурдагы мэр “Атамбав менен анын санаалаштарына акыйкат сотту каалаганын жана ал аткарылганын, бирок соттун чечимин талкуулай албастыгын” белгилеген.
“Мен табалаган жокмун, мындай нерсени душманыма да каалабайм. Анткен менен бул тергөө практикасынын баары Атамбаевдин системасы, жеке өзү тарабынан киргизилген.
Сиздин система мени да так ушундай кылган. Муну мен эмес, бардык эксперттер, Клара Сооронкулова жана Исхак Масалиев да жакындардын үй-мүлкүн кошуп тартып алуу ыкмасын биринчи жолу сиз киргизгениңизди айтышты. Алмаз Шаршенович, менин туугандарым сизге канча жолу кайрылышты, канча жолу жазышты, ММКлар аркылуу кайрылуу жолдошту. Албетте, мен президенттикке келгениңизге чейин бизнестен тапканыңыз кошулуп конфискацияланганын туура көрбөйм, андай болбошу керек. Бирок бул система сиз аркылуу түптөлдү, аны тамырынан реформалоосуз өзгөртүү мүмкүн эмес.
Биз экөөбүз муну учакта талкуулаганбыз. Сизде таза сот системасын, мамлекеттик башкарууну, мыкты экономиканы түптөөгө алты жыл убакыт бар эле. Бирок сиз аны интригага, каршы сөз сүйлөгөндөр менен күрөшүүгө, оппозицияга бут тосууга, сөз эркиндигин муунтууга, кадр маселесин өзүңүзгө караштуулардын пайдасына чечүүгө короттуңуз.
Батукаевдин иши боюнча сиз бул сураныч болгонун айткансыз, команда бердиңиз, а сиздин коркок кагаз генералдарыңыз толугу менен сатып кетишти. Андай эмеспи же? Эсиңизге салайын, кайсы бир суранычты орундатуу үчүн баарын жасадыңыз, а башкаларга көңүл бурбадыңыз. Анын баарын сиздин абийириңизге койдум, бирок сиз көтөрмөлөп, таза иштеген так адам катары көрсөткөндөрдүн баары өз терисин коргоо үчүн сизди күнөөлүү кылып салышты. Нечендеген айыптуулардын арасынан бүгүнкү күндө бир гана сиз темир тор артына кеттиңиз.
Сиз кубана берсеңиз болот, жакындарыңызга эч ким куугунтук жасабайт, а сиз менин жакындарымды көзөмөлдөп, жасалма иштерди жабыштырып, моралдык басым жасагансыз. А сиздин жакындарыңыз соцтармактардагы кыймылдарына караганда тынч жашоо өткөрүшүүдө, бул сиз жасаган система эмес.
Сотто менин күнөөм далилденбеген, кагазда далил жана күбөлөрдүн көрсөмөлөрү болбогон, “Тазалыктын” директору зыян келтирилбегенин айткан. Эсеп палатасынын аудитору ачык эле актыны тергөөчүнүн кабинетинде реалдуулукка дал келбеген фотосүрөт боюнча түзүүгө мажбурлашканын жарыялаган. Бирок жок, баары сизден келген буйрукка шилтеме беришип, атамдын эмгеги менен келип менин жана жакындарымдын энчисине айланган мүлктү тартып алууну чечишкен. Ал турмак алда качан ажырашкан биринчи жубайымдын мүлкүнө чейин жетишкен. Өкүмдүн өзүндө конфискация, мүлктү камакка алуу тууралуу сөз жок. Бул мыйзам бузууга жатат.
Алмаз Шаршенович, мен учурдагы кырдаалда чыныгы мырзалыкты көрсөтүп – төлөп бериңиз деп айтам. Сиз менен көп адамдар, алардын үй-бүлөсү жабыркады. Чыгашасын төлөп бериңиз, ошондо алар өз үй-бүлөсүнө тезирээк кайтып барышат. ЖЭБ боюнча иштин чыгашасы 5 миллиард долларды түздү, Музей, ипподром, Түштүк жолун куруу боюнча келтирилген чыгашалар да мындан ашса ашат, бирок кем эмес. Мындан башка да зыяндар али калкып чыгат. Жыйынтыгында 15 миллиардга жеткен чыгаша эсептелинет.
Сиз дайыма мультимиллионермин деп мактанчусуз. Аталган мүлктөрдөн тышкары сизде кэш бар эле, камакка алуу чурунда изин таптырбай жоголду. Атактуу пакетте эсептер боюнча маалыматтар, сиздин ноутбук жана телефонуңуз болгонуна ишенем. Кыргызстан чаржайыт убакта жоготуп алган бардык кэш. Демек сизде төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк бар, төлөңүз да тынч жашай бериңиз. Кудай буйруса, өзүңүзгө келип эркиндикке чыгасыз, жашоонун балын дагы татасыз, а акча келип-кетчү нерсе. Кедей болуп калбайсыз”, - деп жазды Түүлев.