ЖК вице-спикери Мирлан Бакиров саясатчы Камчыбек Ташиевдин ачуу сынына чычалаган жообун айтты:
“Кыргызда “Аганы көрүп ини өсөт” деген сөз бар. Эч ким даяр төрага де жетекчи болуп төрөлбөйт, ар бир нерсе өз убакыт-сааты менен кыйынчылыктан өтүү, тажрыйбоо топтоодон пайда болот. Экинчиден, “атың чыкпаса жер өрттө” дегендерден эмесмин. Атымды кандайдыр бир күтүүсүз кадамдарга баруу аркылуу чыгаргым келбейт. Депутат катары жазган мыйзамдарым,көтөргөн маселелерим менен элиме кызмат кылып жатам. Мен үчүн ошол маанилүү. Үчүнчүдөн, кайсы саясий партия, же коомдук уюм мени лидер кылгысы келсе, өзү билет. Мен Камчыбек Кадыршаевичтин ордун талашкан жокмун. Бул кишиге ар дайым сый мамиле жасап келгенмин жана мындан ары да сыйлай беремин. Анткени жаш курагы боюнча менден улуу жана бир аймактын уулдарыбыз”, - деген вице-спикер.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып Мирлан Бакиров тууралуу пикирин билдирген. Ал вице-спикердин “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы болуп калганына таңданып, эл арасында таасири жок, эч ким тааныбаган катардагы депутаттын лидер болушун – Кыргызстанда жасалма лидерлердин санынын өсүп жатканы менен байланыштырган.