Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун апелляциялык даттануусу каралган отурумда жаңжал чыкты.

Жаңжал жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочуларга кезек берилген учурда айыпталуучулардын тарапташтары менен сот аткаруучулардын ортосунда чыккан. Сот залындагы аял киши прокурордун сөзүнө ачуусу келгенин билдирди.

Судья Адис Момуналиев аталган жаран процесске тоскоолдук жаратып жатканын айтып, аны залдан чыгарууну талап кылды. Сот аткаруучулар менен нааразычылык билдирген аял кайым айтышып, андан кийин жаңжалга айланып, ага башка адамдар да катышты. Аял залдан чыгарылгандан кийин отурум улантылды.

Соттун катчысы судья видеого тартууга уруксат бербегенин айтып, жаңжалдын видеосун өчүрүүнү талап кылды.

Булак: Баракелде