Депутат Наталья Никитенко Кубатбек Боронов баштаган өкмөттү уйкудан ойгонууга чакырды.

“Кыргызстанда эпидемиологиялык абал, айрыкча Бишкекте кескин начарлашы күтүлгөн. Анткени карантиндик чаралар алынгандан кийин элдин баары көчөгө, жумуштарына чыгышты. Өзгөчө абалды узартуу ансыз да алсыз экономиканы өлтүргөнгө барабар болмок. Ошондуктан өзгөчө абал туура эле алынды. Бирок өзгөчө абалдан өлкөдөн чыгаргандан кийинки көрүлчү чаралар боюнча өкмөт эмне жасады? Саламаттыкты сактоо тжаатын оорулуулардын көп пайда болушуна даярдадыбы? Лабораториялык тармактарды коронавируска анализдерди көп санда алуугачы? Ооруну белгиси жок өткөргөндөргө алгоритм иштеп чыгыштыбы, үйдө дарыланчуларга бара турган дарыгерлерге жетиштүү коргоо формасын бере алыштыбы, бериле турган компенсациялардын баарын бериштиби?” – деп суроо салды депутат.

Ал өзгөчө абал киргизүүгө каршы экенин бирок коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.