Судья Эмилбек Каипов А.Атамбаевди Жазык кодексиндеги коррупция уюштуруу беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратты.
Төмөнкү мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылат:
- II даражадагы «Манас» ордени. 2011-жылы 30-ноябрда сыйланган;
- «Данакер» ордени. 2017-жылы 27-ноябрда сыйланган;
- «Даңк» медалы. 1999-жылы 22-апрелде сыйланган;
- Энчилүү саат, 2011-жылы 29-ноябрда белекке алган.
Атамбаевдин конфискациялана турчу мүлктөрү:
- 2000-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» унаасы;
- 1997-жылы чыккан «Митсубиси Паджеро» унаасы;
- 1998-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» унаасы;
- 1993-жылы чыккан «МАН» унаасы;
- 2011-жылы чыккан «BMW X-53» унаасы;
- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилке;
- Ысык-Көл районунун курорттук зонасындагы жер тилке;
- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жайыт жер;
- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жер тилке;
- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилке;
- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилке;
- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоочу борбор;
- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы турак үй;
- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көп жылдык бак-дарактар;
- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көп жылдык бак-дарактар;
- «Медиа Форум» ААК;
- Бишкек шаарындагы жер тилке;
- Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
- Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүндөгү имарат;
- «Форум» илимий-өндүрүштүк фирма;
- Чолпон-Ата шаарындагы курулуп бүтө элек объект;
- Ысык-Көлдөгү курулуп бүтө элек объект;
- Ысык-Көлдөгү жер тилкелер;
- «Апрель ТВ» ЖЧК;
- «Апрель» ЖЧК;
- «Канал Ди» ЖЧК;
- «Кыргызавтомаш» ишканалар ассоциациясы.
Төмөнкү коммерциялык банктардагы акциялар, банк ячейкалары, эсептер:
- «Кыргызкоммерцбанк»;
- «Кыргызстан коммерциялык банкы»;
- «Оптима банк»;
- «Кыргызстан-Швейцария банкы»
- «Капитал банк»
- «Аман банк»;
- «АКБ Толубай»;
- «РСК Банк»
- «Demir Bank»;
- «БТА банк»;
- «Доскредо банк»;
- «Экоисламик банк»;
- «Евразия аманат банкы»;
- «Азия банкы»;
- «Бакай банк»;
- «Халык банк»;
- «Пакистандын улуттук банкы»;
- «Кыргыз инвестициялык банкы»;
- «Финанс Кредит банк»;
- «Росинбанк»;
- «Бай Түшүм»;
- «Финка банк»;
- «Чанг ан банк»;
- «Компаньон».
Булак: Баракелде