2020-жылдын 20-июнунда КРнын Малайзиядагы элчилигинде, элчиликтин дипкызматкерлери, Кыргызстандыктардын Малайзиядагы диаспорасынын жетекчилери, Малайзияда убактылуу жашап жана окуп жүрүшкөн мекендештер өз ара жолугушту. Ушул жолугушуу боюнча элчи Азимбек Бекназаровду сөзгө тарттык:

-Азимбек Анаркулович, Малайзиядагы мекендештер менен элчиликтин чоң жолугушуусу болгону тууралуу маалымат бар? Жолугушууда эмне жөнүндө сөз болду?

-Бул 3-жолку жолугушуу болду. Жолугушууда негизинен 2 маселе каралды. Биринчиси КР Өкмөтүнүн Малайзияда убактылуу жашап жана окуп жүрүшкөн, коронавирус тумоосунун айынан материалдык жактан кыйналып жардам сурашкан мекендештер үчүн Өкмөтүбүз тарабынан чегерилген акча каражаттарды атайын комиссия түзүп, ким реалдуу жардамга муктаж экенин аныктап, ошолорго жардамды адилеттүү болуп берүү болду. 25 мекендешибиз кичине болсо да жардам алышты, негизинен студенттерибиз. Экинчи орчундуу маселе, Малайзияда окуу жайлары жылдын аягына чейин жабылып, андан аркысы да бүдөмүк болуп жатканына байланыштуу,окуп жүрүшкөн жаштарыбыз менен жалпы кеңешип, мындан ары эмне кылабыз? Кыргызстанга кайтабызбы же кетпей эле жакшы күндөрдү  күтөбүзбү?-деген маселени талкууладык. Аягында жылдын аягында да эмне болот, белгисиз болгондуктан жаштарыбызды уюшкандыкта, атайын бир чартердик учак жалдап, Кыргызстанга түз учурууну чечтик. Буйруса 30-июнга чейин 100го жакын студенттерибизди ж.б. жарандарыбызды өз мекенибизге эсен-аман учуралы деп бардык иш - чараларды Бишкек менен кеңешип  жүргүзүп жатабыз.

-Төрт айлык карантин мезгилинде Малайзиядагы мекендештерибизден коронавирус менен ооругандар болдубу?

-Тфу, тфу, Аллага шүгүр, мекендештерибиз ооруган жок, так ушундай сопсоо абалда жаштарыбызды мекенибизге, ата-энелерине жөнөтсөк деп тилек кылып жатабыз.

-Эми Кыргызстанга келели,  шайлоого даярдыктар катуу болууда, акыркы күндөрү Чубак ажы менен Адахан Мадумаровдун биригүүсү жөнүндө көп сөз болууда? Ушул экөө  бириксе эмне болот?

-Саясатка байланыштуу суроо, жооп кылбайлы дебедик беле? Дагы үкөлөрүм менен «чабыштырат» экенсиңер да.   «Көп сөздү» эл жаратып жаткан жок, ошол силер айткан саясатчылар  тажрыйбалуулугун көрсөтүшүп өздөрү  уюштурган жеке сайт, журналист, агитаторлору аркылуу, мисалы  ошол эле Адахан Мадумаровка ар кайсы партия, биримдиктерди, жеке популярдуу белгилүү  адамдарды кошуу  үчүн «эл айтып жатат»-деп элге жамынып оболу кеп, суроо салымыш болуп анан болбой баратканда  Мадумаровко  «мен андайларга кошулбайм»,- дегизип упай алып берип жатышат. Бул нормалдуу көрүнүш. Шайлоо алдында сөзсүз биригүүлөрдүн, шайлоонун  ыплас технологияларынын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш дечи, бирок «тең теңи менен,тезек кабы менен» дегендей бойлорун, ойлорун карап бириксе туура болот эле. Эптеп депутат болсом болду дегендей, бүгүн атеисти менен молдосу,  сакалчаны менен такыр башы , селдечени менен жалаңбашы, батышчылы менен орусчулу, солчулу менен оңчулу биригишип, «кашасы, боткосу» аралашкан  биригүүлөр, туулбай жатып ажырашуулар обу жок пропагандалууда.

Турмуштук тажрыйба, саясый идея, партиялык программа, улуттук, мекенчилдик бекем позиция, мамлекеттин, элдин эртеңкиси, анын эркиндиги, эгемендиги, байлыгы, ынтымагы ж.б. өзөктү  туу тута турган көз караштар менен биригишкен,  келечекте бекем командага айлана турган биригүүлөрдү  көрбөй турам. Эми конкреттүү  Мадумаров менен Чубак ажыга келсек: жеке менин эркимде болсо экөөн тең түз эле Жогорку Кеңешке депутат кылып коет элем, Мадумаровду  оппозициялык фракцияга, Чубак ажыны бийликтин фракциясына  кошуп. Ошондо экөөнөн  тең коомго, мамлекетке пайда болмок.  Куудулдарыбыз айтып жүргөн  «120 койдон» турган парламентти, бир адамга кызмат кылган  Өкмөттү маал-маалы менен ойготуп эсине келтирип туруучу «дакен короз»д, а азан айтып туруучу «молдоке» да парламентке абадай керек. Эмне үчүн бир фракцияда эмес?  Чубак ажыны мен 2010-жылы Убактылуу бийлик кезинде Кыргызстандын муфтийи катары, ошол оор күндөрү  дин кызматкерлери менен иштеп, өлкөбүзгө, элибизге абдан зор жардам бергенинен бери билем. Ал Кудай деген, ыйман жолунда жүргөн, акыреттен корккон, бирөөнүн кемчилигин эмес, жакшы жагын көрсөм деген,  элди, коомду сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, адилеттүүлүккө үндөгөн адам. Мындай адамдардын пайдасы  бир өңчөй бийликтин, адамдардын кемчилигин, жаман гана жактарын  көрүп, айтып упай  топтогон оппозиционерлердин арасында жүргөнгө караганда, бийликтин ичинде жүрүп, бийликти ыймандуулукка, адилеттүүлүккө үндөгөн жардамы чоң болот. Ал эми Адахан Мадумаровду 20 жылдан бери жакшы билем. Ал тубаса трибун, парламентчи. Эмне үчүн? Анткени депутат бул элдин өкүлү  катары аткаруу бийлигиндеги кемчиликти коркпой, жалтаңдабай бетине айтып,кемчиликтерин чукуп эсине келтирип турушу милдет. Буга Адахан инимдин духу, акылы, тили, эркиндиги, курчтугу,  тажрыйбасы жетет.  Азыр да ачыктан ачык президент Сооронбай Жээнбековдун келишпес «душманы» катары жолду тандап алып, бийликке нааразы болгондорду айланасына топтоону, алардын добушу менен жеңишке жетүүнү бекем аныктап,  ошого жараша аракеттерди жүргүзүп жатат.Чоң тажрыйбалуу саясатчы катары шайлоодогу жолду туура тандады. Себеби башка жол менен ал жеңишке жетпешин билет. Анын максаты  бүгүнкү  президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине нааразы болгон электораттын добушун алуу. Бул өтө чоң электорат, ага мурдагы бардык президенттер, алардын жакындары, коррупция менен соттолуп жаткандар, качып жүргөндөр, жеке Жээнбековдорго нааразылар, бийликтин бечелдигине, адилетсиздикке  нааразылар,  айтор жетишээрлик электорат бар. 30 жылдык кемчиликтердин баарын: үй- бүлөлүк башкаруу,  үй- бүлөлүк партия,  парламент, Өкмөттү -  кечээ Жээнбеков президент болгондо жаңы уюштургандай  ушунчалык чебердик, чечендик менен тынбай айтып жатат. Мурдагы президенттер жөнүндө, Бакиевдин мезгилиндеги өзүнүн ал режимге кошкон салымын, Атамбаевдин доорунда ооз ачпай, унчукпай олтурганын эстегиси да келбейт.  Анткени ага Бакиев менен Атамбаевдин жардамы өзгөчө керек. Ал эми турмуштук тажрыйба,  жекече адамдык сапат, жүрүм- турум жагынан да Мадумаров менен Чубак ажы эки башка адам. Эгерде экөө бириккен күндө да, көпкө чогуу боло албайт.  Чубак ажы   көп жагынан  адам катары,  Мадумаровко караганда  анын келишпес «душманы» болгон Сооронбай Жээнбековко жакын. Эми мына экөө биригип күзүндөгү  шайлоого аттанды дейли. Мен эл алдында турган экөөнү  2010- жылдын май айында Жалал-Абадда Батыровдун университетинин ичиндеги жыйында Батыров менен губернатор Бектур Асановдун  катар турганындай элестетем.

-Эмнеге?

-Мисалы,  Адахан иним шайлоо өнөктүгүндө сөзсүз түрдө адаттынча өлкөдөгү 30 жылдык бүт жаман нерселерди ушунчалык чечендик менен эсептеп, баарын жалгыз Сооронбай Жээнбековко, анча- мынчасын гана Убактылуу Өкмөткө шылтап, Жээнбековдорду, анын партиясын көрдөн алып сууга, суудан алып көргө ыргытат.  Ошондо анын жанында ар дайым Кудайды оозунан түшүрбөгөн,  элди ыйман, сабырдулукка, кечиримдүүлүккө, акыйкат жолуна чакырып жүргөн Чубак ажыны элестетип көргүлөчү? Ал ажы да?! Далили, негизи жок эле, элдин добушун алуу учун калп айтуу, бирөөгө жалаа жабуу исламды туу туткан адамдар тарабынан кандай кабыл алынат? 1989-жылкы шайлоодо дин жамаатынан С.Камалов агабыз депутат болуп, Акаевдин талапкерлигин бүткүл Кыргыз мусулмандарынын атынан деп президенттикке биринчи көрсөткөн. 1993-жылкы Конституцияга исламдын баалуулуктарын айтып киргизүүгө, орозо, курбан айттарын майрам күн катары  белгилөөгө ошол кишинин эмгеги зор. Ал Кыргызстанда  диний партияларды түзүүгө аракет жасап, “Эмне үчүн Кыргызстанда диний партияларды түзсө болбойт?” -  деп Акаевке туз суроо да берген. Бирок Акаев Израилге барып, батыштагы жүүттөрдүн банктарынан карызга акча алып, Камаловко караганда Левитин, Бирштейнге окшогондор менен тескери жолго түшкөндө бүткүл кыргыз мусулмандары Камаловду  “Сен колдогон Акаевиң”, - деп нечен ирет акаарат кылган. Чубак ажыдай белгилүү, билимдүү адамдарыбыз депутат болсо, өлкөбүз,коомубузда утуш гана болот. Бирок Мадумаров менен Чубак ажы экөөн мен канчалык депутат катары парламенттен көргүм келгени менен Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстаны» , башында ушул Адахан инимдин өзүнүн активдүү катышуусунда бекитилген азыркы Кыргызстандын шайлоо системасынын тартибине ылайык шайлоодон өтүшү абдан кыйын. Анткени шайлоочулар адамды тандабайт,партияны тандайт. Ушундай «базаркомдордун» депутат болушуна ылайыкташтырылган шайлоо системасын 2007- жылы күзүндө Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигине баш ийишпеген 3-чакырылыштагы парламентти таркатыш жана анын сөзү, эркиндиги, чечендиги, курчтугу жагынан  Мадумаровдон кем калбаган Дооронбек Садырбаевге окшогон ондогон депутаттарын, экинчи биротоло депутат болбой тургандай кылып, алардын ордуна Адахан иним азыр өзү айтып жүргөндөй  «базаркомдор» келе турган шайлоо системасын бир жагынан Жаныш Бакиев, Адахан иним, экинчи жагынан Максим Бакиев, Медетбек Садыркуловдор Максимдин жүүт достору менен бекемдеп кетишкен. Ушундай шайлоо системабызга Адахан иним өзү күнөлүү. Буга Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок, тескерисинче ошондо Сооронбай Жээнбеков да  биз менен кошо депутат болбой калган. Ооба, Атамбаев, эми болсо Жээнбековдор ошол Адахан укамдар киргизип кеткен шайлоо системасын пайдаланууда. Бирок « базаркомдор» шайлана турган шайлоо системасынын тарыхый архитекторлорунун бири өзү экенин билип туруп, Адахан инимдин баарын азыркы бийликке төңкөрүп жатканы Кудай алдында кандай бааланат? Чубак ажы ага кандай жооп берээр экен? Кыскасы, мен каалаган Адахандай тубаса депутаттар азыркы шайлоо системасы өзгөртүлмөйүнчө депутат болушу кыйын!

-Эмне үчүн Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстанын» шайлоо босогосунан өтүшү кыйын деп жатасыз?

- Адахан Мадумаров командалык саясый игрок эмес, ал «топту мага бергиле, голду мен гана киргизишим керек», -  деген игрок. Мындай саясатчы эч качан күчтүү команда күтө албайт. Үч-төрт супер популярдуу  адам эмес , ондогон өтө белгилүү адамдарды партиясына кошкон күндө да ал оң натыйжа бербейт. Мен белгилүүбүз деген адамдарга кыргыздын эң жогорку белгилүү адамы Чыңгыз Айтматов атабыздын 1990- жылы Масалиевди президенттикке өткөрбөй  “кулатышкандан”  кийин башка  белгилүүлөр Казат Акматов, Илгиз  Айтматов, Төлөмүш Океевдер Москвага Чыкеме телефон чалышып, «тез келиңиз, президент кылып шайлап коелу», -дешкенде «Ай Казат,  силер өтө  белгилүү  адам президент болсо эле  элдин турмушу, мамлекет жакшырып кетет деп ойлойсуңарбы, саясат, мамлекетти башкаруу бул башка маселе, мен буга даяр эмесмин,айтып койгула депутаттарга, ар ким өз ишин кылса», - деп жооп берген экен улуу көсөмүбүз.  Кийин да Акаевдин партиясы менен  ЖКга депутат болду, бирок иштеген жок, кетип калды. Улуу Чыкем кооптонгон саясаттан бүгүн эч ким кооптонбой калды. Ушундай эле көрүнүштү дагы бир белгилүү инсаныбыз Сабырбек Жумабеков ошол Мадумаровдордун алгачкы  партиясы “Ак Жолдон” депутат болуп келгенден кийин мандатын таштап кетип көрсөткөн. Ал эми көптөгөн белгилүүлөрүбүз тилекке каршы ар келген президенттердин партияларында жаман сөздөрдү,сындарды укса да балык болуп эле жүрүшпөйбү? Муну мен белгилүүмүн деп партиялардын «талашында» жүрүшкөндөрдүн кулагына таккан сабак болсун. Саясатчы, депутат болуш үчүн, оболу жок дегенде саясат, мамлекет, эл, мыйзам, коом жөнүндө түшүнүгүң барбы? Ойлонуп көр?! Ал жерден атак - даңк эле албайсың, өмүр бою топтогон кадыр -баркыңды кетирип алышың  да мүмкүн! Тилекке каршы азыр саясатыбыз да, саясатчыларыбыз да коронавирустун илдети менен ооругандай болуп туру! Эми элибиз шайлоодо «оорубаса» болду.

-Парламентке жалаң байлар келет деп жатышат, бай эмес сиз каалагандай жүрөгү, тили, ой-пикири бар эркин депутаттарды кантип парламентке алып келебиз?

-Ошол Мадумаровдор аныктаган азыркы шайлоо системасын өзгөртүү менен гана, шайлоочулар өз депутатын түз, тике альтернативдик жол менен тандап  алышы мүмкүн! Азыр болсо партиялык тизмени гана шайлайт, шайлоо, депутат саясый партияларга гана байланып калган. Партиялар аркылуу  президент,  анын жакындары депутаттарды тандап алганга, аларды башкарып турганга жеңил жана ыңгайлуу.

Эми байлар жөнүндө: Саясый партияларды, ал аркылуу парламентти түптөөдө да чоң акча жатат. Акчасы жок адам партия түзмөк тургай, шайлоого катышкан партиялардын тизмесине кире албайт. Мен дайым айтып жүрөм,  мекенчил улутчул кыргызым, анын каада - салты дешкен 1990- жылдардын башында түзүлгөн “Асаба”, “Эрк”, КДКлар кайда азыр? Улутчул-мекенчил инсандар шайлоого катыша алабы? Албетте,  жок! Кыргызым, улутум деген инсандарды да, партияларды да  ички байлар да, сырткы байлар, спонсорлор да  эч ким колдобойт! Партияларына да кошпойт! Чет элдик спонсорлор кыргыздын кен байлыгын  чет элдиктерге беребиз, каада-салтын адам укугу деген шылтоолор менен жок кылабыз, батыштын либералдык, « олубойлук» саясатын колдойбуз, же орусташтырабыз, же арабдаштырабыз,  же башка да чет элдик кайсы бир кызыкчылык үчүн убада берген партияларга акча беришет. Мисалы азыр кайсы бир партияны «феточулар»,  “гуленчилер” , кайсы бирин «бир тууган улуу агабыз», «бир тууган коңшубуз» , качкын президенттер жана  алардын премьер-министрлери колдобосо, ушунча шайлоо агитация иштерине акчаны кайдан таап жатышат? Жанагы  биздин, өзүбүздүн кыргыздын байларын сындап жатышкан  «бечаралар» менен «тазалар»? Ал эми өзүбүздүн « базарком» депутат байларыбыз албетте президенттердин партиясы менен гана болушат.  Ушул жерде эми салыштырып көрөлү, чет элдин ырын, баалуулуктарын ырдап, алардын акчасына демократияны, адам укугун, гендердик саясат, улуттук азчылыктын укуктары,  диний секта, агымдар,  дабатчылык, жарандык коом деген шылтоолор менен Кыргызстанды азыркы абалга алып келгендердин кыргыз үчүн зыяны көпбү же акыркы үч жолку шайлоодо ким президент болсо, анын жакындарынын жардамы менен эптеп депутат болуп алып үй-бүлөлүк партия, « базарком», «балык депутат»  атка конгондордун зыяны көпбү? Экөөнүн тең зыяны бар,бирок салыштыра келгенде түпкүлүгүндө сырткы донорлордон жем жеген партиялардын зыяны кыргыз үчүн орду толгус чоң. Алар элди, коомду, кылымдардан бери кыргызды сактап келген каада-салтын бузушууда.  Кыргызды либералдаштырып, кайрадан «киргиздештирип», партиялаштырып, түштүк- түндүк, улуттук азчылыктын, аялдардын укуктары, адам укуктары деп 30 жылдан бери Кыргызстанды дайыны жок реформалардын чоң лабораториясына айлантып салышты. Мисалы,  мен чет жактан акча алышкан саясый партиялар аркылуу кыргыздардын  бөлүнүшүн, каада-салттарынын жок болушун эч качан каалабайм, андан көрө өзүбүздүн ички «базаркомдордун» зыяны аз экенин, элдин башына каран күн түшкөндө ошолор жок дегенде урук -  туугандарына жардам берерине ишенем. Мен албетте ууру, прихватор байларды айткан жокмун,  өз мээнети менен байыган байларыбызды айтып жатам. Чубак ажыны Атамбаевдин мезгилинде «гуленчи» экен деген ушак таратышты эле, жакында болсо бир топ селдечен достору менен Адаханды кошуп алып кулун байланган желенин жанында жүрүшөт? Алар сүт ичкени же кулун көргөнү келбесе керек Кыргызстанга? Бекеринен анысын соцтармактарга  жайгаштырып жатпаса керек? Мүмкүн бүткүл кыргыз мусулмандары  көрсүн деп атайын койгондур?Анткени ак селдечен,  дамбал кийген сакалчандарды көрсө эле пайгамбарыбызды көргөндөй сүйүнүшкөн мусулмандарыбыз көп. Алар соодегерби, башкабы иши жок. Айтор кыргыз сак болбосок, ойлонбосок дагы бир шойкомдун үстүнөн чыкканы турабыз. Атайын кызмат күнү- түнү иштей турган мезгил. Менимче парламентте, шайлоо системасы өзгөртүлгөнгө чейин селдечендер менен “голубойлорго” караганда парламентте менин досум Камчыбек Жолдошбаевге окшогон байлар, “базаркомдор”  отурганы түзүктөй болуп турат. Бирок биз бизнес менен саясатты бөлө турган  реформаларга токтоосуз барышыбыз керектигин турмуш далилдеп койду. Дагы бир далил,  эң  күчтүү АКШда, эң күчтүү эки партия бар:  Республикалык жана Демократиялык! Ушул эки партиянын ээси же лидери ким? Айткылачы? Аларда алмак - салмак АКШнын президенттери, депутаттары мезгил-мезгили менен алмашып турат, бирок партиянын лидери же ээси деген адам эмес ,саясый байгеде жеңген башка эле  адамдар жеңүүчү болот! Эмне үчүн? Анткени, ал партиялардын чыныгы ээлери АКШнын  бүткүл байлары, ким депутат, ким президент болот,  ошолор аныкташат да. Бирок өздөрү  мен баймын,  мен президент, депутат болом дешпейт, себеби алар саясатка келишсе АКШнын саясаты базарга айланарын билишет, ошон үчүн алар чыныгы мыкты саясатчыларды тандашып, байгеге салып коюп өздөрү саяпкерлердей көшөгө  артында отурушат. «Күлүктөр» болсо өз учурунда  тигилердин  дүйнөлүк кызыкчылыгын коргоп беришет. Ошондуктан мен ойлойм биздин  байлар да өзүм депутат, президент болом дебей, кыргыздын мыкты уул- кыздарын таап, аларды байгеге кошуп,  өздөрү көшөгө артында туруп саясый оюн кылууну үйрөнүшү  керек!

Маектешкен Нургазы Анаркулов