Бүгүн өкмөттүн мүчөлөрү менен аппаратынын кээ бир кызматкерли жаңы премьер-министр Кубатбек Бороновдун ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү учурунда санитардык эрежелерди сактабандыктары үчүн айып пул төлөшөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына кабминдин басма сөз кызматынан билдиришти.

- Санэпиднадзордон көрсөтмө жума күнү кечинде алынган, - деп такташты өкмөттөн. - Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды, алар аны бүгүн төлөшөт. Жалпысынан 28 кызматкерге айып пул салынды, алардын ичинде премьер-министр, вице-премьер, алардын жардамчылары жана бөлүм жетекчилери бар.

Булак: vesti.kg