Биринчи май райондук сотунда «Батукаевдин мыйзамсыз бошотуу иши» боюнча А.Ш.Атамбаев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдерди айыптоонун жазык иши каралууда.

Ушул тапта сот тараптардын жарыш сөздөрүнө өттү. Айыпталуучу Индира Жолдубаева жарыш сөзүндө ага карата эки күбө көрсөтмө бергендигин билдирди.

“Алардын бири Шамиль Атахановдун кеңешчиси Бекенов, экинчиси Нарын райондор аралык сотунун мурдакы судьясы Жапар Эрматов. Экөө тең мага каршы көрсөтмө берген. Бекеновдун айтымында мен ага кайсыл бир себептер менен жардам берүүдөн баш тартыпмын. Эрматов болсо чечимди тийиштүү органдардын буйругу менен чыгарганын айткан. Ал чечим мыйзамдуу түрдө болгонун билдирген. Мына ушулардын негизинде мамлекеттик айыптоочулар мени 15 жылга эркимден ажыратууну талап кылууда. Мен муну кандай деп айтышты да билбей турам”, — деди экс-башкы прокурор.

Буга чейин прокурор айыпталуучулар Атамбаев менен Жолдубаевага 15 жылга, Раимжанов менен Качкыналиевди 13 жылга соттоону сураган.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча Алмазбек Атамбаевге, Индира Жолдубаевага (мурдагы башкы прокурор), Калыбек Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана Абдухалим Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Булак: Элгезит