Коррупция мамлекеттик кызматкерлеринин саны менен өлчөнөбү? Мамлекеттик кызматкерлеринин санын азайтуу менен коррупциянын да тамырын кыркууга болобу? Мындай суроого экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов жооп берди.
“Коррупция – аткаминерлердин саны менен байланышта эмес, коррупция – биздин авторитардык-буйрукчул системанын ажырагыс бөлүгү. Бул дартты бил силкинүү менен кесип салуу мүмкүн эмес. Система өзгөрмөйүнчө ал азайбайт... Грузияда системаны өзгөртүштү эле, коррупция да чанда кездешчү көрүнүшкө айланды”, - деди Өмүрбек Абдырахманов.
Эске салсак, кечээ КР Өкмөтүнүн аппаратынын жалпы жамаатынын түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланган. Андагы кызматкерлердин көптүгү коомчулуктун оозун ачырды.