Абылгазиев азыр тергөөгө келдиби? Мындай суроону депутат Жанар Акаев көпчүлүк коалициянын бүгүн, 16-июндагы отурумунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевге узатты.
Опумбаевдин айтымында, бул боюнча (жыштыктардын мыйзамсыз сатылышы) Аскер прокуратурасы кылмыш иш козгогон. «Өндүрүш иши толугу менен Аскер прокуратурасында. Биздин кызматкерлер тергөө тобунун курамында», - деди ал.
Акаев Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин башчысы кызматына талапкерлиги көрсөтүлгөн Алтынбек Исмаиловду белгилеп, жаш кадрлар керек экенин айтты.
«Жыштык боюнча өзүнчө "схемщиктер" бар, мафия түзүп алышкан. Сиз ушуну УКМК, күч органдары менен жоюшуңуз керек. Өзүңүзгө да айтып берем, кантип бюджетке 10 миллиондогон долларды түшүрсө болорун. Кыргызстан аркылуу Афганистан, Тажикстанга чейин интернет сатышат. Кадимки Максим Бакиевдин схемасы азыр деле иштеп жатат. Андан түшкөн акчалардын баары азыр деле чет өлкөгө Бакиевдерге кетип жатат. Мына ушуга өкмөт көңүл бурбай жатат. Мен өткөндө премьер-министрге Казакстандан "Билайндын" олигархтары келип, кабинетине кирген десем, өкмөт калп айтып жооп берди, келген эмес деп. Кирген, муну мен тастыктап берем», - деген депутат тышкы карызды төлөө маселесин да көтөрдү.
Акаев Нарындагы жайыт чыры боюнча да айтып, жергиликтүү бийликтин кадыры жок экенин кошумчалады. Ал алдыдагы шайлоону эске салып, бардык тараптарга бирдей мамиле кылуунун зарылдыгына токтолду.
Булак: Баракелде