Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Самат Кылжыев өз каалоосу менен кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында биринчи вице-премьер-министр, премьерликке талапкер Кубатбек Боронов билдирди.
- Анын ордуна Таалайбек Темиралиевдин талапкерлигин сунуштайм, - деди ал. - Биринчи вице-премьерлик кызматка силердин мурдагы кесиптешиңер Алмаз Батыралиевдин талапкерлигин сунуштамакчымын. Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин кызматтан кеткен башчысы Дастан Догоевдин ордуна Алтынбек Исмаиловду көрсөтөм.
Темиралиев Таалайбек Асанбекович - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы статс-катчысы
Алмазбек Батыралиев - Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мурдагы депутаты
Алтынбек Исмаилов - Жогорку технологиялар паркынын директору
Булак: vesti.kg