Премьер-министрлик кызматка талапкер Кубатбек Боронов өзүнүн ордуна – биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбековду сунуштады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-июнда Көпчүлүк коалициясынын жыйынында отсавкага кеткен мурдагы премьер-министрдин кызмат ордуна Кубатбек Бороновду жана биринчи вице-премьерликке Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги каралып жатат.
Бороновдун айтымында, өзүнүн арызы менен жумуштан кеткен Маалыматтык технологиялык комитетинин төрагасы Дастан Догоевдун ордуна Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатат.
Булак: media-center.kg