Маалыматка ылайык, отурумда судья Адылбек Эсенбаев айыпталуучуларга, аларга тагылган айыптын актысы менен тааныштырып, тагылган айыпка макулсунарбы деп сураган.
Курсан Асанов өзүнө тагылган айыпты четке кагып, бирин да моюндабай турганын айткан. Ушундай эле жоопту анын айдоочусу Дамир Пайзылда уулу жана журналист Турсунбек Бейшенбеков узаткан.
Буга чейин, соттук отурум башталганда журналист Турсунбек Бейшенбековдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова сотко ишенбөөчүлүк көрсөткөн.
Булак: media-center.kg