Кыргызстанда жумуш токтоп, көп экономикалык кыйынчылыка дуушар болдук. Күнүмдүк каражат тапкандардай эле ишкерлик дагы аксап калды. Бирок, ушундай учурда дагы элдин эмес өз камын ойлогон чиновниктер болбой койгон жок. Кызматынан кыянаттык менен ачык эле пайдаланып жеке пайда көрүүнү максат кылган вице-прмьер министр Аида Исмаилованын кызматка келгенине 2 ай болсо дагы кандай кылыктары чыкканы тууралуу кеп кылсак.
Коронавирус пандемиясынан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстандын медицинасы дагы кыйналып, кандай жетишпестиктер бар экендиги билинип калды. Карантиндин башталышында медициналык каражаттардан айрыкча маска жетишсиздиги байкалды. Ошентсе дагы алгач Казакстан, Орусиядан алынып келинген маскаларды сатып алчубуз. Убакыт өтүп биздин жергиликтүү ишкерлерибиз дагы бул масканын маселесин чечти. Тактап айтканда Кыргызстанга кеңири жете тургандай масканү өндүрүп чыгып калдык. Бирок, маскадан сырткары жеке коргонуучу каражаттарды Кытай, Түркия сыяктуу донор өлкөлөрдүн жардамы менен толуктап келдик. Кудай сактасын, бирок коронавирустун айтылып жаткан экинчи толкуну каптаса сакталып турган медициналык каражаттар жетишсиз болуп калат.
“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамда, КР Эмгек Кодексинде, “Дарылоо-профилактикалык уюмдардын санитардык-эпидемиологиялык талаптарына” ылайык Жеке коргонуучу каражаттарды милдеттүү түрдө колдонуу каралган. Жеке коргонуучу каражаттарга атайын костюмдар (коргоочу, атайын кийимдер, фартуктар), халаттар, коргоочу көз айнектер же щиттер, маскалар, бахилалар ж.б. Бул каражаттар адамды ар кандай биогиялык оорулардан, вирустардан сактайт, дем алуу аркылуу же көз аркылуу жугуудан коргойт.
Кыргызстанда жеңил өнөр жайында тигүү тармагынан ишкерлик кылгандар жана жумуш менен камсыз болгондор көп. Бирок, азыркы учурда жеке коргонуучу каражаттарды өндүрүүчү ишкерлерге Өкмөт жардам бермек тургай бут тосууга өттү. Кантип? Атайын каражаттарды стандарттарга туура келтирүү максатында лицензия алышы керек деген сунуштар Өкмөт тараптан чыкты. Коронавирус пандемиясы башталганда баарыбыздын эле эсибизде маска, атайын медициналык костюмдар жетишпей коңшу мамлекеттерден алып кирип бир далай ызы-чуу болгонбуз. Бирок, тигүү тармагындагы ишкерлерибиз бат эле маскаларды, атайын медицанылык костюмдарды вирустан коргоочу талаптарга жооп бере тургандай тигип чыгара башташты. Өкмөт дагы ошол биздин ишкерлер өндүргөн маска жана атайын костюмдарга ынанып, салык төлөөдөн жана лицензиядан бошоткон. Эми кайрадан эки айдан кийин тигүүчүлөргө лицензия алуу, уруксат алуу талаптары киргени турат. Бул демилгенин автору эки ай мурда вице-премьер-министрлик кызматка келген Аида Исмаилова экен.
Аида Исмаилованын өмүрлүк жолдошу кайсы бир оорукананын башчысы экени каңкууланууда. Алардын үй-бүлөлүк медицаналык бизнеси бар экени айтылып келет. Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматка келгени кандай иш жасаганын же демилгелерин коомчулук жакшы деле билбейт. Бирок, мына ушул биз сөз кылган жеңил өнөр жайчыларга бут тоскон иш аракеттери канчалаган ишкерлерге, жумуш орундарына зыян алып келээрин билбесе керек. Бул аракет биринчиден, тигүүчү ишкерлерге бут тосот. Экинчиден, медицина тармагында жаңы коррупциялык булакты пайда кылат.
Булак: chyndyk.media