Кыргызстанда негизги жаңылык катары Өмүрбек Текебаевдин “Ата Мекен” партиясынын айланасында аттуу-баштуулар жана жаштар чогулуп 5 айдан бери депутат болууга камынып жатышканын ачыкка чыгарышты. Учурда «Ата Мекен – Жаңы дем» деген саясий долбоор менен көптөргө таасирдүү күчкө айлангандай сезим калтырып, ынандырууга аракет кылышууда. Бирок, ошол эле учурда алардан аракетинен иренжигендер да бар. Себеби, акыркы 10 жылда коомчулук жана бийлик 2010-жылы Текебаев өзүнө ылайыктап жазган конституция менен жашап, пайдасынан зыянын көп көрдү.
Көп-партиялуу парламентаризм президенттин жана премьердин укуктарын көбүнесе кыскартканы менен мамлекеттин пайдубалы – экономикабыз модернизация болгон жок.Тагыраагы, парламент көзөмөлдөй албай калды. Балким көп-партиялык парламентаризм саясий материя катары өтө кызыктыр, анткени уруш-талашы көп, бирок жаратмандык жагынан келгенде - элге жеңилдик жашоо бере алган жок. Эң негизгиси парламентаризмде жоопкерчилик жокко эсе экени көбүбүзгө ачык айкын байкалып калды.
Кыскасы, Текебаевдин көп партиялуу система менен мамлекеттик системаны курган Конституциясы Кыргызстанды кыйратты... Алыска кетпей эле 10 жылдык Конституциянын кулминациясынын жыйынтыгы эмнеге алып келгенине токтолсок, алтынчы чакырылыштын депутаттары чимкирик атка конду. Ошондой эле көп партиялуу моделдеги Текебаевдин парламенттик башкаруусу депутаттардын жоопкерчилиги жок болуп чыкты.
Канды тизеге чейин кечип, түнү менен бийликти басып алганда мен буларга ишенгем – мыйзамдуулукту орнотушат – 1993-жылдагы Конституцияны алып келишет деп. Ошого буларды Бакиевдин камагынан күч менен чыгардык. Бирок баарын талкалашты, өзүнүн конституциясын жазып, мародерлуктан кутулуунун амалын жасаганына күбө болдук. Айтайын дегеним, Текебаев түзгөн система мамлекетибизге коронавирус жайылганда дагы жана чек арадагы конфликт жаралганда да Текбаевдин көп партиялуу ситемасы өлүк эскирген системанын модели экенин далилдеди. Депутаттар эл жабыр тартып жаткан маселелер боюнча тийиштүү позицияларын айтпай унчукпай отурушуп, ич ара сүйлөшүп, кийинки шайлоонун камын көрүп, Баткенди ойлоп да коюшкан жок. Мына ушундай жагдайдан улам Текебаев жазган Конституциядагы жоопкерчилик жокко эсе экенине ынанасың.
Конституцияны 7-апрелдеги төгүлгөн кан менен жазган 30 жылдык тажрыйбасы бар акылдуу, таасирдүү саясатчы интрига, махинация менен кылмыш жолу менен болсо да мамлекеттик башкарууну алмаштыра алаарына күбө болдук.
Ооба, Өмүрбек Текебаев мыкты саясатчы кыйын атаандаш. Ал 2010-жылы жазган Конституциясында Жогорку Кеңештин депутаты бардык реалдуу жоопкерчиликтен качырып, жооп бербей турган кылып койгон. Ал өзүнүн будуң - чаң түшкөн автобиографиясын жана норкотрафик менен кармалып, аялды мазактаган парномарон, мамлекеттик башкарууну алмаштыруучу, мородёр экени эч качан эстен чыкпайт. Эмне үчүн феномен Текебаевдин парламентаризми жоопкерчиликсиз партиялык система менен шайланган депутат эч нерсеге жооп бербейт. Эгер ушундай жол менен иш кылган депутаттардан Жогорку Кеңештин 7 -чакырылышын курап алсак, 2015-жылы эмне болот? Бизге 30 жылдан бери элди алдап, талкалап келаткан саясий шарлатандардын жасаганы жетпейби? Текебаев пайдалуу эмне кылды. Интрига жасады, мамлекеттик революция кылды, биз жаман эмеспиз. Ал жазган Конституция жаман. Бийлик жаман эмес, турмуш жаман дегендей сөздөрдү сүйлөп, элдин кулагына кесме гана илип келе жатат. 30 жыл өмүрүн Текебаевди ээрчип өткөндөр дагы деле эч нерсени түшүнбөптүр. Эми дагы 30 жыл ээрчисеңер балким түшүнөсүңөр.
Турат АКИМ