Мындай пикирин саясатчы,экс-депутат Камчыбек Ташиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
— «Июнь коогалаңы» боюнча козголгон кылмыш иштеринин көпчүлүгү талап-тоноочулук, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү ж.б ушул сыяктуу. Ал эми ошол окуяларды болтурбай, алдын алуу иш-чаралары жүрбөгөнү үчүн эч ким саясий жоопкерчиликке тартылган жок. Мындан улам, мен бул коогалаңга толук баа берилип бүтө элек деп эсептейм. Бирок, тарыхий баа бериле элек деп, бул окуяларды унутуп койбош керек. Келечек муун бул окуялардан сабак алып, дайыма эскерип туруу зарыл.
Эскерте кетсек, 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон июнь окуясында 446 адам каза тапкан. Он миңге чукул жарандар жаракат алган. Ал эми бул окуя боюнча 5миңден ашык кылмыш иши козголуп, 488и боюнча сот чечими чыккан. Калган 3000ден ашык иштер убактылуу токтоп турат.
"Марал радиосу"