Ишмердүүлүгү аяктаарына бир айдай гана убакыт калган 6-чакырылыштан депутаттарынын арасында мандаттан баш тартуу жугуштуу болуп кетти. Биринчилерден болуп “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Исхак Масалиев 6-чакырылыштын жоруктары бешинчи жылы гана көргөнсүп, “бул чакырылыш менен мындан ары иштөө мүмкүн эмес”, - деп кетүүгө арызын жазды. Андан кийин “Кыргызстандан” Алмазбек Эргешов, Жаныбек Исаев жана Руслан Чойбеков мандатын тапшырууга ниеттеништи. Ал эми бүгүн дагы бир депутаттын кетээри белгилүү болду, ал – “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков. Депутаттардын биринин артынан экинчиси шагыраган бойдон парламенттен жылан чыккансып кете баштаганы таң калыштуу. Эгерде парламенттин кезектеги чакырылышынын ишмердүүлүгүнүн соңуна чыгаарына жок дегенде бир жыл калса да түшүнүктүү болмок. Беш жыл чыдаган парламентке бир айдай убакыт калганда эмнеге чыдай албай коюшту?

Экс-депутат Бектур Асанов депутаттардын “оптом” кетүүсүнүн себебин – алардын кимдир бирөөлөргө көз каранды экенине байланыштырат.

“Бул биздин депутаттардын өз алдынча эместигинин дагы бир белгиси болду. Алардын саясий кландык топтордун, олигархтардын колундагы куурчагы экени дагы бир ирет далилденди. Өзгөчө клон партиялардын, позициясы жок жасалма түзүлгөн партиялардын “түшүмү” экендиги белгилүү болду”, - деди экс-депутат “Саясат. kg” сайтына.

Айтымында депутаттардын олигарх жетекчилери каалаганын кетирип, каалаганын келтирип, парламентти өзү билгендей калчай алаарын көрсөттү. Кезектеги кийинки талапкерлердин өмүр баянында “экс” деген белги калышы үчүн бир ай да жетерлик. Ал эми партия жетекчилери муну менен өз убадасын аткарган лидер катары келерки шайлоого аттанат, айланасына депутат болом дегендер кезекке турат, акырында бийлик менен соодалашууга барууга мүмкүнчүлүк жаралат.

 “Парламенттин келерки чакырылышына кайра эле ушул жүздөр келүүгө аракеттенет. Бирок менимче, андай болбойт. Бүгүн заман, эл, президент дагы башка. Олигархтардын ойлогонундай болбойт”, - деп белгиледи Бектур Асанов.