“Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.
Анын айтымында анын ордуна Жогорку Кеңешке Бейшеналы Нурдинов келет.
- Өткөн парламенттик шайлоодо ал Бишкек шаары боюнча биринчи орунду ээлеген, - деп тактады Баатырбеков. - Эми кезеги келди. Буга байланыштуу мен депутаттык орунумду бошоттум.
Ал ошондой эле фракциянын лидерлигине Канатбек Исаев келиши мүмкүн экенин болжоду.
- Депутаттар “Кыргызстандын” парламенттеги лидери ким болорун тандашы керек, - деп белгиледи Баатырбеков. - Бирок, менимче Канат Кедейканович фракциянын башчылыгына келет.
Алмазбек Баатырбекович ага башка партиялардан биригүү туурасында сунуштар түшүп жатканын айтып, бирок, алардын аттарын атаган жок.
- Азырынча аттарды атоого эрте, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, - деди ал. - Ошондой эле биздин партияга катышууну каалаган учурдагы депутаттардын саны да көп.
Баатырбеков эки жума эс алып, андан кийин шайлоо алдындагы кампанияга киришүүгө ниеттенүүдө.
Булак: vesti.kg