«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу жөнүндө арыз жазды.
Маалыматка караганда, анын кетиши 2020-жылы күзүндө боло турган парламенттик шайлоого даярдык менен байланыштуу.
Бир күн мурун аталган партиянын дагы бир депутаты Руслан Чойбеков өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Булак: Баракелде