Активист Гүлжигит Исаков соцтармактагы баракчасына учурда коррупция менен күрөшүү ураанын курал кылып алган айрымдар тууралуу пикирин жазды:

"Байкашым боюнча, "коррупция менен күрөшүү боюнча түзүлгөн мыкты топтун" критерийлери:

1) Кумтөрдө үлүшү болуу.

2) Башка кен байлыктарда үлүштүү болуу. Мисалы, Чаткалда.

3) Өлкөнү эл аралык уюмдарга мүчө кылууда улуттук кызыкчылыкты мүмкүн болушунча тепселегендерден болуу.

4) Ишкерлерден шантаж жолу менен батир, Лескустарды алуу.

5) Жашы өтүп бараткан болуу.

6) Амбициясы улуттук кызыкчылыктан жогору болуу. Кресло сүйүүсү олчойгон кылмыштарды көрбөгөнгө түрткүдөй, АКЫЛ МАНДРАЖЫНА кабылгандардан болуу.

7) Кан төгүүлөргө себепкер болуу. Элдин кызыкчылын сатуу. Талоончу болуу. Бузуку болуу.

Бул "топ" эле эмес, бул "топко" түздөн түз же кыйыр жолдор менен тиешеси болгондор Ж-А-З-А-Л-А-Н-Ы-Ш-А-Т!"